17290   
              192110
                                              
            
            
            	
            	  
                
            
            
            
            
            
            20.10.2019
			
            
            
			“Кызганба” ырымдын клиби даяр болду. Башкы сүйүктүүмдүн ролун өзүнө таандык модельдик агенттиги бар, таланттуу иним @dumanaev_askar аткарды. 
Клип тартуу үчүн атайын камера жана техниканы Алмата шаарынан алып, ошол жакта Казак фильмде тарттык.
Режиссёр @mirlansatkymbaev жана чон командасына рахмат.
Азыр ырым катуу талкууда. Көбүнчөсу мактап, жактырып жатса, сын айтып, сөзү женил, обону оңой дегендерге жооп берүүнү туура көрдүм.
@chyngyzaliev - калемине таандык сөздөр төмөндөгүдөй :
Алыска сапар тартсам, 
Назарым деле зар сага.
Өзүңдү көрбөй калсам,
Сагынып жүрөк сар санаа.
Элестеп көз алдыма,
Сүйүү толгон көздөрүң.
Секетим куса болбо,
Себеби жок сөздөруң.
Айтаарым- таарынба жаным мынча кызгана,
Ай табылбасым, сендей жок, сен жалгыз гана.
Кайтарып жүрөгүмдү мынча кызганба,
Кайталап айтам, биз үчүн - жалгыз биз гана.
(Сооонун жазылган!)
Сунуш бул ырдын автору, обону дагы таандык жакшы көргөн кесиптешим, ырчы Раллиядан @ralliya01 болгон.
Ыр дароо жагып, алдым.
Эми ырга кийим кийгизүү боюнча заманбап аранжировщик Алтынбек @altynbeksoorov инибиз болду. Ал үнүмдү дагы өзү түшүрүп, сведениясын жасап тапшырды. Профессионалдар менен иштөө кандай керемет👍🏻.
Кийимдер @arzubek_vonama ❣️ @cherikchiev__aibek ❣️@yanagayday_  @312_room ❣️
Кооз сөйкө, таажылар @kumarat_collection ❣️
Чач жасалгалоо, образдар @ayimstyle @dizzy.hair_ayimstyle ❤️❣️❤️