Кайратова Анжелика
@anjelika_kairatovna_official
Кайратова Анжелика

Подписчики: 2308176
Посты: 9726
Подписки: 50
🎶 Singer from Kyrgyzstan 🇰🇬. Founder "Star KG Production Studio”, “Lika beauty”. Contact: (what’s up) +996559120000; +7(777) 5555-826
https://www.youtube.com/c/AnjelikaKairatovna


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
170149   1932
30.04.2020
Ар бир аялзат- назик, жылуу мамилеге татыктуу. Бизди аяңыздар. Эч бир адам бул-жашоого кайталанып жаралбайт. Барктайлы, урматтайлы, сүйөлү❤️🙏🏻. ________________________________________________________________________📚Эки үй-бүлө. Эки кошунанын жашоосу бирдей болсо да, биринде ызы-чуусу бүтпөй жашаса, экинчиси ынтымактуу тынч жашашат. Бир күнү- күндө урушкан үй-бүлөнүн аялы күйөөсүнө: барып карап келчи, ушунча акырын урушушабы же сүйлөшүшпөйбү деги булар?- деп күйөөсүн жиберет. Аңдып турган кошуна, айнектен аялы чаң сүртүп жатып идишин тактайдын кырына коюп, телефонго алаксып кетет. Ошол маалда жолдошу басып бара жатып, колу менен идишти илип кетип, сындырып алат. Аялы чочуп кетип, күйөөсүнөн кечирим сурап : “мен туура эмес коюп алдым, алаксып кеттим” десе, күйөөсү: “жок күнөө менде, асманды карап басам да кээде, кап, эми кейибе! “Жамандыктын баары ушул менен чыгып кетсин”! Алтын башыбыз аман болсо, алабыз- деп, бири-бирин соротот. Аны көргөн кошуна, үшкүрүнө үйүнө кирип келип: “алардын үйүндө баары күнөлүү экен, ошого урушушпайт”! Бизде баары сүттөн ак таза, баары акылдуу, баары кыйынмын деп жатып, кырылышат экенбиз”-деп, башын мыкчып отуруп калыптыр.
Загрузка...