6310
113877
17.10.2019
Быйыл «Бактылуу Айым» долбооруна беш жыл.
Бул долбоорду озум жазып , алып барып келем. Идеядмы ишке ашырганга Кубатбек Оторбаевге, кийинки КТРК жетекчиси Илим Карыпбековко жана бүгүнкү күндөгү жетекчи Жайнак Үсөн уулуна , долбоордун ичинде иштеп, элдин назарына салган режиссёрлор Айбек Усеновко, Асыл Апасовага, Абу байкеге ыраазычылык билдирем. Долбоордун бир эфирге чыгарылышы 500,000сомго чейин каражатты талап кылат. Техника жана эфирден тышкары кийим кече, чач, макияж, өнөктөштөрдөн белектер бар .Аларды албетте жарнамага сүйлөшөбүз.
Айына 100дөн ашуун, кээде 500гө жакын көрөрмандардан каттар келет. Арасынан өзгөчө тагдыры бар , буга чейинки каармандар катышкан көрсөтүүгө окшошпогон, кызыктуу долбоор болуш үчүн-аракетибиз күч.
Мен беш жылда көптөгөн область- райондордон каарманларды Бишкеке өз аракетим менен алып келип катыштырам. Кечээ каарман бир күн бою биз менен жүрүп, белектерин дароо алып , маектешип, акыбалын түшүндүрүп, баласы ооруп, үч удаа төрөлгөн наристелерин карап , андан тышкары көп көйгөйлөрүн айтып , энеден эрте айрылып, депрессиядагы абалынан чыга албай жатканына жардам сураган. Учака билет алып (өз жаныман), операторлорго чыгым болуп, бир күн убактымды арнаганым текке кеткендей. Бугун кечээги айткан сөздөрүнөн баш тартып, ою өзгөргөнүн кабарлап, маанайды түшүрдү. Эмнеси болсо да үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Бир нерсе жасап жатып жети ойлонуп бир кесүүнү үйрөнүш керек демекчимин. Буйруган кийинки каарманыма Бишкеке аман-эсен учуп келип алдым. Азыр кайра башынан тартуу иштери башталат.
Ош шаарынан өнөктөш болгон
@boutigue_elegante_kg жана @aurum_gold__ рахмат !!!