Сизди сүйгөн “жүрөктү” эч качан капалантпаңыз жана ага орой мамиле жасабаңыз. Аны ишке ашырыш өтө жеңил. Ансыз да, анын сизге карата сүйүүсү, болгон шамалдын кучу менен айдап турат. Ал “жүрөктү” жаралантып коюш эң оңой, ал үчүн бир гана орой сөзүңүз жетиштүү. Ага кошумча кылып, сиз өзүңүздүн кылган кыймыл-аракетиңиз менен жазалоону кааласаңыз... ойлонуп көрүңүз, канчалык оор тийерин! Сүйүү – бул көңүл оорутуу эмес! Бул талкалоо эмес, аярлоо, аздектөө каалоосу. Аны кысып, басынтып, тебелеп, акыл үйрөтүп, ансыз да сизден көз каранды кишиге кимдин ким экенин көрсөтүү менен өз мүдөөңүздү, моокумуңузду, эгоңузду кандыруу акылга сыйбаган көрүнүш. Унутпаңыз: анын “жүрөгү “сиздин колуңузда! Ал жүрөктү аярлап сактап да, коргоп да калуу, же болбосо “каны” чыкканча алакаңыздагы “жүрөктү” кысуу бир гана сиздин эркиңизден көз каранды. Бирок, ал алаканды катуу мыжыгуу менен бир гана “канын” тамчылатпастан, сүйүү сезимин да катуу басып, колдон чыгарып жатканыңызды эске туя жүрүңүз... тамчылап түшкөн ар бир тамчы “каны” менен кошо, ыйык сүйүү сезимдери сизди сүйгөн “жүрөктөн”чыгып кетиши мүмкүн. Аны кийин өз колуңуз менен кургатып салган “кан тамырларынан” издөөгө арзыбайт... Андыктан, колуңузда турган “жүрөктү” эмитен аярлап сактаңыз, коргоңуз! Ансыз да жаман кылып коюш бир паста! Күчтүү, эрктүү болуңуз да, #сүйүү #үй_бүлө үчүн жакшы бир нерсе кылганга аракет кылып көрүңүз..