Жашоо - бул күрөш, сыноо... Бирок, пенде болгон соң жашообузда “ак менен кара” эгиз козудай эриш аркак жүрөт тура. Бул жалганда өмүрүбүздү акыркы демибизге чейин өзүбүздү табууга, таанууга умтулуп, толкун сыяктуу ар кайсы жээкке урунуп олтуруп, ордубузду тапканга жумшайт турбайбызбы. Алдын-ала тагдырыбызды таанып да, тандап да ала албайт экенбиз. Кантсе да, пендебиз да... Ар бирибиз колубуздан келген мүмкүнчүлүктү ишке ашырууга аракеттенсек, “аракетке - берекет” демекчи, сөзсүз түрдө Жараткандын мактоосуна арзып, жасаган эмгегибиздин акыбети кайтат тура.
Аллахым сизди да өз жакшылыктарынан кем кылбасын. Мына ушинтип, кезектеги “ЭЛ СЫЙМЫГЫ” төш белгисин тагынып, “Ала Тоо Мекенчил Инсаны” ардак баракчасына татып олтурам. Эл аралап, сурамжылоо салган КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН “АЛА-ТОО МЕКЕНЧИЛ ИНСАНДАРЫ” КООМДУК КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУНА, менин бул даражага ыраа көргөн элим сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирип, дайыма талантыбызды барктап, колдоо көрсөтүп келгениңиздер үчүн тизе бүгүн таазим этемин. Бар болуңуздар!
P.S. Буга чейинки сүрөттө дал ушул сыйлыкты алуу үчүн КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигине жөнөп жаткан учурум болчу #награда #красота #здоровье #мир #удача #успех #счастьевомне