Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍
@asemblossom
Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍

Подписчики: 790875
Посты: 1571
Подписки: 88
Член Союза кинематографистов и экспертной комиссии Департамента кинематографии МКИиТ КР. Актриса театра и кино, певица. 👉 0700000707 Рекламы в direct
https://youtube.com/asemtoktobekova
Загрузка...
Бугун чындап ыйладым, жүрөгүм менен ыйладым😰. Буга чейин жардам сурап жеке кат жазгандарга колдон келишинче көмөк көрсөттүм, бирок, анын баарын жарыялагым келген эмес. Бүгүнкү көрүнүштү жарыялап коюуну туура көрдүм. Элим бири-бирибизди колдойлу, урушпайлы, чырдашпайлы, биригели, өнүгөлү, өсөлү. Таштандылардын арасында жашаган адамдарды көрүп зээним кейиди. Суу жок (көл дешти, топтолгон суу бар экен, ошол жерге жуунабыз дешти) аба жок (таштандылардын бырыксыган жыты каңылжаарды жарат). Өкүнүчтүүсү ал жерде жаш балдар көп экен. Мындай шартта жашаган балдар кантип дени сак чоңоёт? Дени сак болбосо кантип кыргыздын тукумун улайт? Жетиштүү билим жок, кантип коомго пайда алып келет? Суроолор көп... Жооп жок... Баарына жардам бергим келди, бирок, жеткире алган жокмун. Кайрымдуу инсандарды ушул инсандарга көмөк көрсөтүүнү чакырам.

Загрузка...
13725   382
27.06.2020 Живи. Люби. Твори
"Кырсык каш кабактын ортосунда" дейт экен, тилекке каршы. Жагымсыз кабарды угуп алып, эмне дээримди билбей турам...🤦‍♀️ Асель, Аллахым сага, болгон мээримин төгүп, шыпаасын берсин.🤲 Тез сакайып, алтындай болгон үй-бүлөңө кайт. Кичинекей ханышаңды кучагыңа ал. Жолдошуңду өз мээримиңе бөлө. Жакындарың, туугандарың, дос-чараларың жана калың элиң сени күтөт. Үй-бүлөбүз менен аябай кабатырлануудабыз. Жакшы жаңылыктарды күтөбүз! Сен жашашың керек! Акыркы күндөрү жол кырсыктары көп катталчу болду. Урматтуу, айдоочулар жол эрежесин сактаңыздар, сиздерден сураныч! Ортодо бөөдө эле адамдар жабыркап жатышат. Эстен чыгарбасаңыздар🙏🏼 Ар бириңиздерди үйүңүздөрдө биздей болгон эже-карындаш, апаларыңыздар күтөт. Жаратканым жол кырсыгынан жабыркагандардын ар бирине ден соолук жана сабыр берсин🙏🏼 @aselkadyrbekova @nurlannasip_kg