260
30.01.2020
...Эне-бөрү ичине бук болуп толуп жүргөн бүткүл мээримин балага төгүп аткандай болду, баланын наристе жытынан көкүрөгүн кере жыттады. Ушул кичинекей адамзаада үңкүрүмө жашаса сонун болоор эле деген сезим келди... Баланын күрмөсүнүн жакасынан абайлап тиштеди, бир жерине тишим тийип кетпесин деп аярлык менен тиштеди, анан акырын өйдө карай силкип жалына отургузду – карышкырлар отордон козуну так ушундай ыкма менен ала качып кетет.... #кыямат #айтматов #великийайтматов #плаха #cengizaytmatov 💙