Azamat Bolgonbaev
@azamat_bolgonbaev
Azamat Bolgonbaev

Подписчики: 19970
Посты: 1070
Подписки: 1472
КР эмгек синирген артисти, төкмө акын. КТРК Коомдук Байкоочу кеңештин төрагасы.
http://www.facebook.com/azamat.bolgonbaev
Загрузка...
Чыгармачылык жолуң шыдыр болсун Алтынбек!!! Жакшы дос, ини жана эң мыкты замандашсың!!! Алтынбек экөөбүз эң алгач 2004-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун "Салттык музыка жана фольклор" кафедрасында мугалим болуп иштеп турганда, Алтыш студент болуп келип таанышканбыз. Кийин чыгармачыл сапарлаш болдук, үйлөнгөндө жакын досум Мирлан Самыйкожонун өкүл баласы болду, бара-бара шеринелеш болуп үй бүлөбүз менен катыша баштадык. КТРКнын кылым карыткан "Кыргыз Радиосунда" мыкты алып баруучу, мыкты радиорежиссер, мыкты үнжазгыч болду, ар бир ишин чын дили менен аткарды. Негизги кесиби дастан, терме, санат айтууну да катырат. Замандын шарданы менен эстрадалык багытта ырдап, ал жакта дагы ийгилик жарата алды. Элдин жакшылыгын бөлүшүп эл сүйгөн эрке бала (тамада) болду, айтор өнөр ээси катары маданиятка талбай кызмат кылып келе жатат. Үй бүлөдө жаркыраган келинчеги, күн нурундай төгүлгөн уул-кыздары бар. Жакында "Марал" радиосуна алып баруучу болуп кирип, таңкы уктурууларды көзөмөлдөгөн жооптуу ишти да аркалай баштаптыр. Куттуктайм Алтынбек, ишиң илгери болсун! 8-декабрь кесиптик майрамың да куттуу болсун!!! #алтынбеккыдыралиев #азаматболгонбаев #ырчы #тамада #алыпбаруучу #радио #акбата #ыр #диктор #талант

Загрузка...