Azamat Bolgonbaev
@azamat_bolgonbaev
Azamat Bolgonbaev

Подписчики: 19970
Посты: 1070
Подписки: 1472
КР эмгек синирген артисти, төкмө акын. КТРК Коомдук Байкоочу кеңештин төрагасы.
http://www.facebook.com/azamat.bolgonbaev
Загрузка...
Арашан
Ооган согушунун ардагерлери! Атам Таалайбек да бул алааматты башынан өткөргөн, Казактын Сары Өзөк деген жеринде даярдыктан өтүп анан Ооганга аттанган экен, чоң энем уулун согушка жөнөтүп далай сыздаганын айтар эле, Аллахка шүгүр атам кайтып келиптир, бирок согуш деген согуш көзү өткөнчө ал жактын зыянын тартты, ооруду, ден соолугунан ажырады. Атам согуш зыянын тартпаганда Мамлекеттин жүгүн көтөрө алган мыктынын бири болмок, анткени билимдүү, акыл-эстүү инсан болгон, андыктан Ооган согушунун ар бирин өз атам өңдүү көрөм, анткени алар жаштыгында бир азапты тартышкан. Атамдын жаткан жери жайлуу болсун! Аллах бейиштен орун берсин. Оомийин. Атамды абдан сагындым 😭😭😭 #ата #уул #авганистан #ардагер #ветеран #кыргыз #азаматболгонбаев

Загрузка...