125 17
1571
21.03.2020
Дүйнө жүзүндөгү оор кылдаалга байланыштуу 100 дөн ашуун кыргыз жарандары Египеттен кайта албай жаткандыгы маалым болду. Алардын арасында биздин кесиптеш досубуз Д.Исмадияров дагы бар.
Алардын айтуусу боюнча: "эртеңден баштап отелден чыгарылат. Жанындагы запас акчалар түгөнүп баратат. Алынган билеттер Алматы (Казахстан) аркылуу болгондугуна байланыштуу учакка кабыл алынбай, учууга уруксат болбой жатат. Эмне кылаарыбызды билбей жатабыз." деп билдирип жатышат.
Мындай кырдаал ар бирибиздин башыбызда турушу мүмкүн. Кыргыз өкмөтү, бийлик жана МИД тарабынан жалпы чет жакта Кыргызстанга кайта албай жаткан жарандарды алып келүү аракеттерин тездетүүңүздөрдү суранабыз.