🎨БАЯН🎨 АКМАТОВ🎨
@bayan_akyn_official
🎨БАЯН🎨 АКМАТОВ🎨

Подписчики: 9841
Посты: 865
Подписки: 28
🌹0️⃣5️⃣5️⃣6️⃣6️⃣6️⃣9️⃣1️⃣6️⃣1️⃣🌹 🎶 КОМУЗ ҮЙРӨНҮҮ ✒Жазма, Төкмө АКЫН 🎤АЛЫП БАРУУЧУ 🎥 ЦЕНАРИЙ ⬇️ Ушул телеграмм сизге пайдалуу!
https://t.me/BayanAkmatov
Загрузка...
Ойнотуп бизди жетелеп, Оорутпай бактың бөпөлөп. Калкалап мээрим жамалың, Карызбыз сизге эселеп. Кайгамды тарттың теңселип Карыздар ким бар менчелик Жүк болгон күнүм эстесем Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп Ааламды нурга бөлөйсүң Ак көйнөк кийсең көйкөлүп Ааламда бир да аялзат Ажарлуу эмес сенчелик! Сулуу эмес апа сенчелик! Үмүттүн отун жандырган Үй ичин майрам шаң кылган Өмүргө бизди алып келген Энелер үчүн жан курман Кантейин апа эзилбей Канча жыл өттү сезилбей Балам деп койсоң балкыймын Баягы бөбөк кезимдей Бал барбы сенин сөзүңдөй Нур барбы сенин көзүңдөй Дүйнөдө эч бир аялзат Мээримдүү эмес өзүңдөй Сулуу эмес апа өзүңдөй. Өмүрдө канча арман бар Өзүң бар демек майрам бар Бейиш деп сенин таманың Белгилеп айткан пайгамбар Балаңдын кечир айыбын Бакытым, дархан жайыгым. Балам деп кечип жалынды Баардыгына кайылым Апам бар болсо жаңымын Алыстап кетсең карыдым Татына сенден супсулуу Таба албайм апа аныгын! Сулуусуң апа жарыгым!

Загрузка...
328   6
28.08.2020
Максаттуу адамдар үчүн убакыт өтө маанилүү!Максатсыз адамдар үчүн гана мааниси жок. Ал эми кээ бир айбанаттар үчүн убакыт баарынан маанилүү... Жорголордун жана күлүктөрдүн тагдырын секундалар гана чечип койот эмеспи. Кумурскаларды убакыт менен иши жок деп ойлошубуз мүмкүн, бирок такыр андай эмес. Күндүн чыгышын, булуттардын жылышын жон териси менен сезип турат. Саресеп салып карап көрсөң жеп, ичип уктап гана күн көргөн чочколор үчүн убакыт маанилүү эместей сезилет. Секундалар, минуталар тагдырды өзгөртүшү мүмкүн... Өз убактыңдын баркын билбей, өлкөнүн убактысы тууралуу башыңды оорутуп не кыласың. Убакыт баарыбыздын устатыбыз. Кай минута? кай секундаларда бирөөлөр жарыкка келип, бирөөлөр жалгандан өтүп жатканы жаратуучунун убакыт ааламында сансыз эсептерге толуп жатса керек. Убакытка ант болсун!
144   7
28.08.2020
Паук партия Кыргызчасы жөргөмүш, дал ошол жөргөмүштүн желесин эркеги салып, аяктаган соң ургаачысы ошол эркегин жеп салат экен. Желени салуу максаты-өлтүрүү, канын соруу, камакка алуу сыяктуу жалаң гана жамандыктар. Бул фактыны ойуман чыгарган жерим жок, касиеттүү курандын аяттарынан окудум... жана мисалдадым. Жөргөмүштөй каныңды соргон ким? Жериңди сатып, Эриңди атып сойгон ким? Илим менен билимди камаган ким? Маданият менен менен адабиятыңды сабаган ким? Кумтөр, Каркыра, Үзөңгүкуушту тоногон ким? Тендер менен кендериңди сологон ким? Албетте паук партия! Паук система! Паук башкаруу! Кыргызым пауктун желесинен кутулуп пайдубалың бекем, пайгамбардай жигитиң эсен болуп падышадай карылар көсөм болуп Эгемендик күнүңдүн асылын майрамда! Жөргөмүштүн желеси бузулуп ордуна булбул уя салып, тынчтыктын обонун созсун!
148   6
27.08.2020
Энекемдин даанышмандыгы. Эки үч ирээт энекем экөөбүз кошунаныкынан туз сурап, алып келдик. Үйдө туз жок калса керек деп ойлоп койчумун. Бирок карасам үйдө деле туз бар экен, болгондо да ашыгы менен. Кызыыыык.. энекем неге туз сурады экен деп табышмакка дуушар болдум. Бир күнү энекем- "Жүрү балам кошунаныкынан туз алып келели" деди. Мен таң кала-" Энеке үйдө туз бар экен го" дедим. Энекем мени жылмайа карап, маңдайыман сылап берекелүү ойлорун айтты. Балам кошуна бул эң ыйык жана урматтуу жандар! Кошунабыздын жашоо турмушу оор болгондуктан бизден дайыма ар нерсе сураганга муктаж болушат. Мен дагы сурап турушун каалайм. Уялып эч нерсе сурабай калбаса экен деп эң арзаныраак болгон тузду мен дагы алардан сурап турам. Сарсанаа болбо балам, эки кашык гана туз алабыз. Көрсө менин энем даанышмандардын даанышманы экен!!!