Эски жыл кандай жыл болду?
Кетчи жыл кандай сыр болду?
Соодасы чыгып ачыкка,
Солтон сары чыр болду!
Ырчыларга той болду.
Сынчыларга мол болду,
Темир тордун ичинде,
Текебаев кор болду.
Азамат мойнун жок кесе,
Аргымак мойнун ок кесе.
Жаш чыгарчы көздөрдөн,
Жалындуу иштер жокко эсе.
Жалдан балдар сабалды,
Жаман кылды адамды.
Аттиң жашоо кызык ээ..
Атамбаев камалды.
Эски жыл мынча жым болду,
ЭРЕМдер гана тың болду.
Сооротуп элди башчыбыз,
Соскесин берген жыл болду.
Өткөнгө кимдер таң берди
Өчкөнгө кимдер шаң берди
Күрөшүп жатып эки дос,
Күнөөсүз аскер жан берди.
Журтум алга аттанды,
Жумуп көздү шаттанды.
Журт атасы көрүнбөй
Журналисттер башкарды.
Өгүзгө ээр токудук,
Өң бозоруп чочудук.
Кошунага шылдыңбыз,
Контейнерде окудук.
Бирөөлөр келди жарыкка
Бирөөлөр жатты табытка
Таламай, сабамайларды,
Тапшырдык Кудай калыска.
Таңкалбай деле калышты,
Арданбай деле калышты.
Карапайым эл байкуш,
Өздөрүн өзү багышты.
Жоболоң эмес ак кебим,
Жоготуп бирден аскерин.
Баягы эле боюнча,
Баткеним менин Баткеним!
Көзүңдү алба уул кыздан,
Сөзүңдү арна жылдыздан.
Уулдарың келе жатышат!
Ураганды тургузган..
Акылдан найза сунгузган.
Алдыда жакшы жылдар бар,
Аз калды чыда! Кыргызстан!