144 7
28.08.2020
Паук партия
Кыргызчасы жөргөмүш, дал ошол жөргөмүштүн желесин эркеги салып, аяктаган соң ургаачысы ошол эркегин жеп салат экен. Желени салуу максаты-өлтүрүү, канын соруу, камакка алуу сыяктуу жалаң гана жамандыктар. Бул фактыны ойуман чыгарган жерим жок, касиеттүү курандын аяттарынан окудум... жана мисалдадым.
Жөргөмүштөй каныңды соргон ким?
Жериңди сатып, Эриңди атып сойгон ким?
Илим менен билимди камаган ким? Маданият менен менен адабиятыңды сабаган ким?
Кумтөр, Каркыра, Үзөңгүкуушту тоногон ким?
Тендер менен кендериңди сологон ким?
Албетте паук партия! Паук система! Паук башкаруу!
Кыргызым пауктун желесинен кутулуп пайдубалың бекем, пайгамбардай жигитиң эсен болуп падышадай карылар көсөм болуп Эгемендик күнүңдүн асылын майрамда! Жөргөмүштүн желеси бузулуп ордуна булбул уя салып, тынчтыктын обонун созсун!