🎨БАЯН🎨 АКМАТОВ🎨
@bayan_akyn_official
🎨БАЯН🎨 АКМАТОВ🎨

Подписчики: 9841
Посты: 865
Подписки: 28
🌹0️⃣5️⃣5️⃣6️⃣6️⃣6️⃣9️⃣1️⃣6️⃣1️⃣🌹 🎶 КОМУЗ ҮЙРӨНҮҮ ✒Жазма, Төкмө АКЫН 🎤АЛЫП БАРУУЧУ 🎥 ЦЕНАРИЙ ⬇️ Ушул телеграмм сизге пайдалуу!
https://t.me/BayanAkmatov


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
135   5   743
06.06.2020
Бала кездеги жомоктор, кинолор, чыгармалар ушунчалык кызыктуу экенине баарыбыз күбө болгонбуз. Кыялданып, түшүбүздө көрүп бактылуу чоңойдук. Бирок ошол окуялар жомоктор менен чыгармаларда гана болот деп ойлочумун. Көрсө жаңылып жүрүптүрмүн. Баардыгы өзүбүздүн жашообузга же жашообуздагы окуяларга жетпейт экен. Алла таала адамзатты ушунчалык чебер жаратып, бири бирине окшобогон тагдырлар менен аземдеп койгон кандай гана улуу зат. Өмүрүмдө канча адам менен достоштум, канча адамга көңүл тартууладым, канчанын көңүлүн калтырдым, канчанын бейитине барып куран окуп калдым, бешиктерди терметтим, табыттарды да көтөрдүм. Мен буларды жашоого нааразы болуп айткан жерим жок тескерисинче суктануу менен айтып жатам! Жашоо кандай кызыктуу. Кимге өмүр, кимге өлүм, кимге көңүл баардыгын өз балансында сактап турган Жаратуучуга мактоолор болсун! Саат жөнүндө... көп убакыт мурун.. Атайын мага белек камдап койгонун айткан. Мен мурда жакындан таанып билбеген үчүн жакшы маани бере албай калдым. Маани бербегеним үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип отурам. Арадан бир топ убакыт кантип өтүп кеткенин аңдабай да калдым. Аңдабай жүрүп Мага белек камдаган жакшы адамды таба албай калдым. Кийин апасы менен байланыштым.. Ооруп жүрүп дүйнөдөн өттү деп кабарын айтты. Бул кабарды ватсаптан айтты. Көөөпкө чейин бир нерселерди жазып аткандай болгон. Бирок "айрылып калдым" деген гана эки сөз келди. Демек ушул эки сөздү жаза албай колдору калтырап ыйлап жатты. Мен аны сездим. Эне да! Балким көзүнөн аккан жаштары телефондун бетине тамды, аманатты жеткирүү үчүн жоолугу менен көз жашын койо туруп телефондун бетиндеги көз жашын аарчып, көкүрөгү өрттөнүп турган абалын сездим. А мен болсо чекитти тиктеген адамдай нес болуп калдым. Жаның жаннатта болсун жакшы адам! белегиңди көзүңдүн тирүүсүндө колуңан ала албадым, Кечир мени! Апаң белекти сөзсүз алып кетүүмдү суранды, алдым. Көрсө жакшы адамдар акыретте жүрсө дагы жарык чача берет тура. Белегиңдин чаңын сүртүп аздектеп сактайм. Аз күндө сага зыяратка барам. Жараткан жаныңды Жаннатта кылсын!
Загрузка...
139   4
22.05.2020
Эки колуңузду караңыз🤲! оң колдо беш манжа, Сол колдо беш манжа бар туурабы? Эми оң колдун манжаларын тизмектейли. Бармак- Баймын Сөөмөй- Сөзүм өтүмдүү Ортон- Оорубаймын Атыжок- Арманым жок Чыпалак- чыдамкай баатырмын. Эми сол кол. Бармак- Бай эмесмин. Сөөмөй- Сөзүмдү эч ким укпайт Ортон- Ооруп калсам кантем Аты жок- Арманым көп Чыпалак- Чыдамым жок, алсызмын. Өзүңүзгө суроо бериңиз. Оң колдогуларды көп ойлоносузбу же сол колбу? Кайсынысын көп ойлонсоңуз ошол сизде болот. Ойлор, кыялдар дуа же аруу тилек деп билиңиз. Алла таала күрөө тамырыңыздан да жакын☝️Кимисин көп ойлонсоңуз Алла таала сизге ошону берет. Эки колдун ортосунда сиз барсыз. Эки кол дегеним эки жол! Бакытка жана бактысыздыкка! Азыр дагы кеч эмес! Баса мындай суроо-Сиз буга чейин кайсыл колуңуздагы ой кыял менен жашап келдиңиз? Калп айтпай ачык жазсаңыз жакшы болот.