191   10
              1287
                                              
            
            
            	
            	  
                
            
            
            
            
            
            24.07.2020
			
            
            
			Ысыкта салафанга чүмкөнүп, үйбүлө жана бал ширин балдарынан оолак болуп, Уханьдан келген азуулуу ажыдаар менен дарыгерлер гана тиреше  алды. Сиздерге таазим! Куткара албай калдым деп бир боорунан ажырагандай боздогон кызды көрүп ыйлабаган Кыргыз калбаса керек. Жүздөгөн дарыгерлерден айылдык. Алар биз үчүн сиз үчүн жанын кыйды. Анан да көпчүлүгү айымдар. Эне жүрөк ушундай улуу мээримдүү тура. Кыргызды таштаган жок. Салыштырмалуу чоң деп аталып шорго айланган бука моюн, манты кулак жигиттер папкесин кармап, Хандын тактысында улугандан башка чамасы жок калды. 
  Урматтуу эне жүрөк дарыгерлерге мындай ырдан миңди жазсак аздык кылат. Кечиргиле дарыгерлер!