Бегиш
@begishzbp
Бегиш

Подписчики: 211539
Посты: 896
Подписки: 411
@begishop_ 👕🧥 YouTube 👇🏾
https://www.youtube.com/channel/UCy-zsOGFXpEFwCe8C-iWEfg
Загрузка...
Канат Бегалиев - Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек Синирген спорт чебери. Даңк медалынын ээси. 2008 ж. ХХIХ Бээжин Олимпиадасынын 66 кг. салмактагы грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин жеңүүчүсу. 2007 ж. Бишкек шаарында өткөн греко-рим күрөшү боюнча ХХ Азия биринчилигинде 66 кг. алтын байгенин ээси. 2006 ж. Кытай Эл Республикасынын Гуанжоу шаарында өткөн дүйнөлүк биринчиликтин 66 кг. күмүш байгенин ээси. 2004 ж. Афина Олимпиядасына Ташкент шаарында өткөн лицензиялык турнирден күмүш байгеге ээ болуп, жолдомо алган. 2003 ж. Индия Республикасынын Нью-Дели шаарында өткөн чоңдор арасында Греко-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигинде коло байгени жеңип алган. 2002 ж. Иран Республикасынын Тегеран шаарында болуп өткөн жаштар арасындагы Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси. 2001 ж. Иран Республикасынын Тегеран шаарында болуп өткөн Азия биринчилигинин алтын медалынын ээси. 2000 ж. Иран Республикасынын Хамадан шаарында болуп өткөн өспүрүмдөр арасында Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси. 1999 ж. Дания Республикасынын Никобинг шаарында болуп өткөн өспүрүмдөр арасында Дуйнөлүк биринчилигинде олжолуу бешинчи орунга ээ болгон. 1998 ж. Россия Федерациясынын Москва шаарында болуп өткөн Дуйнөлүк Жаш Өспүрүмдөр Оюндарында жетинчи орунга ээ болгон.

Загрузка...
328   12
10.09.2020
Достор, бүгүн ✨Жылдыздар марафону✨ алкагында экинчи марафонду баштамакчыбыз!!! "Кыргыз-өзбек тилинде рэп окуу" (бир видеодо эки тилде). #ЧексизДостук #ЧексизДустлик ✨✨✨Жеңүүчүлөрду сонун белектер күтүп жатат: 🔹Уюлдук телефон Redmi note 9s; 🔹Power bank (зарядник); 🔹Hard disk (чоң көлөмдөгү флешка 😊) 🔹фитнес-браслеттер. ❗Катышуунун шарттары: 1️⃣ Кыргыз-өзбек тилинде рэп окуп видео кылуу; 2️⃣. Ал видеону сториске жана лентага /пост кылып чыгаруу; 3️⃣. Видеонун комментарийине 5 досуңду белгилөө, эстафены өткөрүп берүү; 4️⃣ @unicefkg, @youthofosh баракчаларын белгилөө; 5️⃣ #ЧексизДостук, #ЧексизДустлик, #марафонзвездКРиРУз #жылдыздармарафону хэштегтерин белгилөө. ❗ Баракчаңар ачык болуш керек! ⠀ 🏆Жеңүүчүлөрдү тандоо критерийлери: 🔹Канчалык кызыктуу тартылгандыгы; 🔹 Канчалык оригиналдуу/креативдүү болгондугу; 🔹Башка катышуучулардын катышуусу (эстафетаны өткөрүп берүү); 🔹Лайктардын көптүгү. ⠀ 📌 Конкурсттун акыркы мөөнөтү - 15-сентябрь 2020 ж. ⠀ 🔹🔹🔹 #жылдыздармарафону Жаштардын маданияттар аралык онлайн форумунун алкагында @unicefkg уюмунун колдоосунда уюштурулууда. Маданияттар аралык форум мамлекеттин жетекчилиги астында, Кыргыз Республикасынын Жаштар жана спорт агенттиги @jastar.gov.kg менен биргеликте @youthofosh, @idea_ca ЮНИСЕФтин колдоосу менен @unicefkg, ПРООН @undpkg, ЮНФПА @unfpakg жана БУУнун Тынчтык Фонду @unpeacebuilding #ЧЕКСИЗДОСТУК долбоорунун алкагында өтүп жатат.