6651 43
23.03.2020
Жаз келет. Айлана жапжашыл болуп,гүлдөр ачылат.
Биз эшикте сейилдейбиз деп ойлогом....
Салмагы тонна болгон тондорубузду чечип,жеңил жука чыптамаларды кийип алып сулуу болобуз деп ойлогом...
Футбол башталат,жаз майрамдары,
Ырлар көп болот деп ойлогом...
Бирок баары биз ойлогондой боло бербейт экен!
Бүткүл дүйнө ушул жазды бир башкача тосуп жатат.
Биринчи жолу,баарыбыздын максатыбыз бир,душманыбыз да бир болду.
Бул ооруну жеңиш биздин колубуздан келет!
Болгону үйдө отуруп,туугандарыбыз менен баарлашып, эшикке чыкпай сактансак,бир айдан кийин майрамдар башталат!