7387   152
              44541
                                              
            
            
            	
            	  
                
            
            
            
            
            
            26.02.2020
			
            
            
			Билем апа алыстарга бакыт издеп учам 
Келем кайра,балдарыныз  жүрөт сизди курчап 
Көрбөй калсам сизди,мен өзүмдү өзүм урушам 
Сиздин Көздөрүңүз балдарынызга улуу шам 
Унутам мен,сиз менен Унутам мен 
Жаш бала болуп учам мен 
Таптаза аба уурттап алып 
Санабайм минуталарды 
Өзү эле тизип ноталарды 
Ырдайт жүрөк ырдайт
Жыттасам сиздин жытыңыз 
Жаштыкка алып учат 
Төрөгөн аял затын 
Сыйлаган өмүр утаат 
Аскадай бийик бою 
Асмандан кенен койнуу 
Апамда менин оюм 
Мүмкүн эмес ойлойбой коюу 
Жыттамасам,сиздин жытыңыз 
Жаштыкка алып учат 
Атакем менин баатырым 
Атакем дайым утат 
Жоопкерчиликти алып 
Жолуна басты салып 
Үй-бүлө анын колунда 
Эч кетпейт аны чанып