5184   23
                                              
            
            
            	
            
            
            
            
            
            06.12.2019
			
            
            
			Акыйкатты ойно!
Акырээтти ойло!
Буттарын жок болсо дагы 
Адилеттүү сойло!
Себеби өмүр кайталоого ынабайт экен.
Жараткан сени эки жолу сынабайт экен.
Бир эле мүмкүнчүлүк бир эле лайф жетет,
Колдонбосоң аны тыкан,сенден кайып кетет.
Ар бир күн толтура жолдорду сага ачып берет.
Уктап жатсан качып кетет,
Ырыскынды чачып кетет,
Көздөрүңдү ачкын жетет!
Катаңты кайталаба,
Каласың кайтара албай.
Жалгыз сен ай талаада,
Жатарга жай таба албай,
Түгөнүп чай чамадай.
Өзүңдү өзүң башкар,
Жардам бербейт тамада.