Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Корккон жоксун коштун мага жолунду
Толтурдун ээ журокто бош орунду
Женил дебе, эми тайгак бул жагы
Бекем карма, кое бербе колумду
Суйгон адам болот ото ызакер
Ыза болсон, сактабагын, сыза бер
Кыш чилдеде турсам дагы муз болуп
Туртуп койбой кокуроко кыса бер
Кайгы кечсем багелегим туруп кой
Эл корбосун коз жашымды суруп кой
Капилетте калсам кээде жанылып
Кагып койбой, басып кетпей, кулуп кой
Буйрук болсо, барктуу ата-энебиз
Бир чогобуз, чоксо эгер кемебиз
Биз экообуз, эки башка жан элек
Мындан ары бир бутундой денебиз
Бакыт озу басып келет бир куну
Баардык жоону дал ушинтип женебиз..) #обонсуз#ыртурмок#