Urmat Borchenov
@borchenov
Urmat Borchenov

Подписчики: 209359
Посты: 748
Подписки: 258
⚡️Ведущий: TV, свадьбы, праздники ⚡️Озвучиваю ролики, голос #отрк #обондору ⚡️Youtuber: UTV сенин каналың Мой вотсап👇
https://wa.me/996550418888
Загрузка...
#борченовборсулдайт “Кыянаттык” Шайлообек Дүйшеев. 1991-жыл. Үзүндү. ... Тарых менен тамырды кезсең болот, Тарых менен ташты да эзсең болот. Тарыхсыз калк таптакыр тамырсыз калк, Тарыхсыз калк жер менен жексен болот. Тарых деген буюм эмес, Сандыкта жата берген. Тарых деген таштанды челек эмес, Таштаса эле Акыр-чикир бата берген. Тарых деген төө эмес, Буйлалаган жагыңа баса берген. ... Жаман эмне, Жакшы эмне ылгабадык, Жакшыбызды жыга чаап думбаладык. Өзгөлөрдү өнтөлөп сыйлагандай Өзүбүздү өзүбүз сыйлабадык Жаман эмне, жакшы эмне ылгабадык, Баса калып чындыкты жулмаладык. Көрүнгөнгө калпакты белек кылып, Көрүнгөнгө калпакты булгаладык. Кыргызым ай, жер тиктеп туруп бердиң, Кыргызча аттын баарысын бурмаладык... P.S: тиги эме IOS 13 тө ө,ү,ң бар экен, ошо орноштуруп алып көз кубантпайлыбы?

Загрузка...
1679   71   15748
18.06.2020
БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН Картайган сайын адамзат Карылыгын жек көрөт, Кайран өмүр өттүң деп Санаркап күнүн өткөрөт. Эскирген сайын адамзат Эскилигин жек көрөт, Эссиз өмүр өттүң деп Өткөнүнө өкүнөт. Жашаган сайын адамзат Жаштык кезин сагынат, Аттиң ай минтип калбай деп Жаш күнүнө таарынат. Майышкан сайын адамзат Балалыгын сагынат, Баягыда минтпей деп Өзүнө өзү таарынат. Мен антпеймин, курдаштар, Жаштыгым өттү кезинде; Заманым тынбай жоо кырып, Ок жамынган мезгилде. Өттү зуулап балалык, Заманым баатыр кезимде, Алпкаракуш жар ташка Таш түлүк тууган мезгилде. Өмүрүм кетти жыргалда, Заманым жигит чагында, Шумкарлар жүрдү үстүмдө, Кабландар жүрдү алдымда. Ар жашаган күнүмдүн Бир миң күндүк салмагы, Ар бир өткөн жылымдын Бир кылымдай ардагы. Жан көрбөгөн укмуштун Артынан кетип баратам, Өлүмдүн бары чын болсо Өлүмдү барып таңгалтам. Жаш улгайып күн өтсө – Бекерге өттү дебеймин, Отуздан ашкан жашымды Беш жашарга бербеймин. 10/XII 1945 Койсары Алыкул Осмонов