Urmat Borchenov
@borchenov
Urmat Borchenov

Подписчики: 209359
Посты: 748
Подписки: 258
⚡️Ведущий: TV, свадьбы, праздники ⚡️Озвучиваю ролики, голос #отрк #обондору ⚡️Youtuber: UTV сенин каналың Мой вотсап👇
https://wa.me/996550418888
Загрузка...
Kemin
Тойго тойлогону келгендер барбы?! Акыркы учурда тойлор көп болуп, баркы, кызыгы кетип бараткандай. Эңсеп күткөн майрам эмес, кадыресе бир күнгө айлангандай. Албетте негиздүү себептер бар: 1) Айла жок. Тойду деле берүүгө укмуш каалоо жок. Болгону эл чакырган, сен да беришиң керек. Элдикинен кем калбаш керек. Бербей койбосо болбойт. Айла жок. Ал эми тойго чакыруу алган конок деле төбөсү көккө жетип сүйүнөрү арсар. Ал үчүн деле маселе. Кошумчадан тышкары кийинмей, жасанмай, убакыт бөлмөй, отурмай, чыдамай. Айла жок. Болбосо таарынат. Анан кезеги келгенде кайра өзү дал ошондой той бермей. Ушундай айлан көчөк. Айла жок. 2) Жаңылык жок. Тойдун сценарийин баары жаттап бүттү. Эки жаштын аты өзгөрөт. Калганы баягы. Антракттагы репертуар. Дежур, шаблон, узун сөздөр, кой эми сүйлөп коюш керек деген куттуктоолор. Балким азыр каалаган тамада болуп атканы ошондон болсо керек. 3) Тойду эрте бүтүргөн тамада - красавчик! Башталганга чейин меймандар келип “тойду эрте аякта э” деп өтүнүшчү болду. Апей 6 саат мен алдында сүйлөйм да, неге андай маанай менен келди экен деп кызыксам, “2 айдын ичинде 31 тойго бардым кээде 2-3 тойго барганга туура келет”дейт. Албетте бул азчылык. Бирок көпчүлүк деле кеминде айына 2-3 тойго барып атышпайбы. Демек үйүнө эрте жетип оокатын кылса, же ары-бери баспа, тынч отур сөздү ук деген тамаданы укканча, ютубун же телевизорун көрүү артык эмеспи. 4) Аймактар деле тоюп калыптыр 1-2 жыл мурун өрөөндөргө барып калсам, тойдун атмосферасына суктанып, элден дем күч энергетика алып келер элем. Баары ушундай “от души” жыргашчу. Азыр андай суусаган эл жок. Элдин козголушу кадимкидей оорлоп калыптыр. Таланттуу тамада, укмуш кооз жасалга, кымбат шоу-программа, 10 түр салат, 4 өзгөчө тартууланган тамак эч кимди таң калтыра албай баратат. Жан дүйнөңдү жан азыкка толтурчу музыка угуп, эргүү алуу, чер жазуу, моокум кануу, дегеле ойдогудай эс алуу чанда эмес дайымкы көрүнүш болуш үчүн менде сунуштар бар, бирок түшүнүп колдоого муктажмын. Жана буга убакыт керек. А сиз тойго чакыруу алганда сүйүнөсүзбү же?

Загрузка...
1679   71   15748
18.06.2020
БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН Картайган сайын адамзат Карылыгын жек көрөт, Кайран өмүр өттүң деп Санаркап күнүн өткөрөт. Эскирген сайын адамзат Эскилигин жек көрөт, Эссиз өмүр өттүң деп Өткөнүнө өкүнөт. Жашаган сайын адамзат Жаштык кезин сагынат, Аттиң ай минтип калбай деп Жаш күнүнө таарынат. Майышкан сайын адамзат Балалыгын сагынат, Баягыда минтпей деп Өзүнө өзү таарынат. Мен антпеймин, курдаштар, Жаштыгым өттү кезинде; Заманым тынбай жоо кырып, Ок жамынган мезгилде. Өттү зуулап балалык, Заманым баатыр кезимде, Алпкаракуш жар ташка Таш түлүк тууган мезгилде. Өмүрүм кетти жыргалда, Заманым жигит чагында, Шумкарлар жүрдү үстүмдө, Кабландар жүрдү алдымда. Ар жашаган күнүмдүн Бир миң күндүк салмагы, Ар бир өткөн жылымдын Бир кылымдай ардагы. Жан көрбөгөн укмуштун Артынан кетип баратам, Өлүмдүн бары чын болсо Өлүмдү барып таңгалтам. Жаш улгайып күн өтсө – Бекерге өттү дебеймин, Отуздан ашкан жашымды Беш жашарга бербеймин. 10/XII 1945 Койсары Алыкул Осмонов