Алыкул Осмонов
АЛДАНБА
Бирин бири жыга албайт,
Багынтсам деп өзүнө,
Турмуш менен адамзат –
Бири – баатыр, бири – дөө.
Күн менен түн сыяктуу,
Кээде кара, кээде аппак,
Турмуш митаам, турмуш куу,
Өзгөрүлгөн эң бат-бат.
Бири зоока, бири аска,
Бири түз жер, бири ор,
Турмуш чиркин адамга
Бирде кор да, бирде зор.
Анткен менен адамзат,
Балбаныраак турмуштан,
Турмуш болсо – найзачан,
Адам – болот кылыччан.
Бирок тиги өйдөкү,
Көз боочудай шамдагай.
Ошондуктан астыңкы
Алдырып коёт байкабай.
Өзүм адам болгон соң,
Адамга айтар насаатым,
Биздин бөбөк, инилер,
Эч кайгысыз жашасын.
Андай болсо турмуштун,
Балдай ширин даамына
Жана кыздай жароокер,
Наздыгына алданба.
Кээде жок да, кээде көп,
Аздыгына караба.
Бели ийилип картайбас,
Жаштыгына алданба.
Алтын төшөк, ак бермет,
Жаздыгына караба,
Телегейи тегиз шай
Мастыгана алданба.
Жашыл, сары, көк гүлдүү,
Көркөмүнө караба,
Атак, урмат кучактап
Өпкөнүнө алданба.
Кээде турмуш уу берет,
Ачуусуна караба.
Кээде турмуш кант берет,
Таттуусуна алданба.
Дал турмуштун өзүндөй,
Миң айлакер жүздүү бол.
Дал турмуштун өзүндөй,
Акылдуу бол, күчтүү бол.