Urmat Borchenov
@borchenov
Urmat Borchenov

Подписчики: 209359
Посты: 748
Подписки: 258
⚡️Ведущий: TV, свадьбы, праздники ⚡️Озвучиваю ролики, голос #отрк #обондору ⚡️Youtuber: UTV сенин каналың Мой вотсап👇
https://wa.me/996550418888
Загрузка...
Bishkek, Kyrgyzstan
Элибиздин турмушу тойдон тойго уланары бышык. Той болот деп үйдү оңдойбуз, той кылам деп оокат жыйнайбыз. Ошондуктан учурда жерибизде тойкананын көптүгү баш айлантат. Аны туура тандоо тоюңуздун кандай өтүшүн аныктайт. Андагы аура, тейлөө, ашкана, көрк баары төп келсе, келген коноктун моокуму канат, чери жазылат. Эмесе, тамада жана конок катары ресторан тандоодогу эң маанилүү “4К” тууралуу бөлүшө кетейин: 1. Кулак “Тойго барсаң - тоюп бар” дейт элибизде. Демек, эң оболу эл жакшылыкка кепке тойсок, боорду эзген тамаша, оюн күлкүгө күбө болсок деп келет. Жагымдуу акустика, үндөрдүн тунуктугу, сөздөрдүн аныктыгы жакшы эс алууга чоң өбөлгө. Рестораның жаркырап, тилинен бал тамган тамада такылдаганы менен акустика каңгыраса, эл эс алмак турсун 1 саатка жетпей чарчап, үйлөрүнө кеткиси келет. Бири бирин укпай ызы-чуу болуп, базарга барып келгендей эле болосуң. 2. Курсак Тамашалап, кыргызга тойдо эт анан кеп же кеп анан эт эле керек деп коебуз. Албетте дасторконуңдун берекелүү болушуна айрыкча айымдар маани берип, өз көзөмөлүнө алышат. Арийне, той учурунда канчалаган салатка кол тийбей, канчалаган тамак жугундуга кетип жатканын байкабай деле калсак керек. Ашпозчунун туура жаратман чечимдери, табитти козгогон кооз жасалгалары анан албетте мыкты беш бармак эч кимди кайдыгер калтырбай, той ээси көп алкыш топтойт. 3. Көңүл (Тейлөө) Тойду эрте жыйынтыктаган тамаданы тойкана жамааты жана азыр коноктор да жакшы көрчү болду. Бирок дайыма эле эрте бүткөн той мыкты той боло бербейт. Элдин маанайын сезип, той ээсинин бардык талаптарын эске алып, кыялына чыдаган кесибин сүйгөн администратор, официанттар залда чыныгы майрамдык атмосфера тартуулай алышат. Жылуу жылмаюу, жагымдуу тейлөөсү менен ар бир коноктун кадырын көкөлөтүп, көңүлүн алат. Андай ыраазы конок ак пейилинен батасын берет. Демек той мүдөөсүнө жетет. 4. Көз Көбүнчө той ээлери ресторанды кооздугуна, интерьерине карап тандашат. Ооба көз кубанткан көрктүү жерде кимдин отургусу келбесин. Өмүрдө бир келчү иш чара фото-видеолордо да жакшы чыгышы шарт. Ресторандын көз жоосун алган кооздугу жадакалса коноктордун ашкере тартиптүү тынч отурушуна же жупуну тойкана коноктордун ачылып-чачылып шаңдуу отурушуна чейин таасирин б

Загрузка...
1679   71   15748
18.06.2020
БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН Картайган сайын адамзат Карылыгын жек көрөт, Кайран өмүр өттүң деп Санаркап күнүн өткөрөт. Эскирген сайын адамзат Эскилигин жек көрөт, Эссиз өмүр өттүң деп Өткөнүнө өкүнөт. Жашаган сайын адамзат Жаштык кезин сагынат, Аттиң ай минтип калбай деп Жаш күнүнө таарынат. Майышкан сайын адамзат Балалыгын сагынат, Баягыда минтпей деп Өзүнө өзү таарынат. Мен антпеймин, курдаштар, Жаштыгым өттү кезинде; Заманым тынбай жоо кырып, Ок жамынган мезгилде. Өттү зуулап балалык, Заманым баатыр кезимде, Алпкаракуш жар ташка Таш түлүк тууган мезгилде. Өмүрүм кетти жыргалда, Заманым жигит чагында, Шумкарлар жүрдү үстүмдө, Кабландар жүрдү алдымда. Ар жашаган күнүмдүн Бир миң күндүк салмагы, Ар бир өткөн жылымдын Бир кылымдай ардагы. Жан көрбөгөн укмуштун Артынан кетип баратам, Өлүмдүн бары чын болсо Өлүмдү барып таңгалтам. Жаш улгайып күн өтсө – Бекерге өттү дебеймин, Отуздан ашкан жашымды Беш жашарга бербеймин. 10/XII 1945 Койсары Алыкул Осмонов