“Сүйүү жана мен” Алыкул Осмонов
Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү
Бермет, жакут, каухар кийип жолукту.
Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
Кош деди да от карматты колума.
Экинчиси: андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз таш,
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас.
Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга,
Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды, жылаан таштап мойнума.
Менде айып жок... төмөнсүнбөйм эч кимге,
Андай болсо, «күнөө өзүңдө» деп билбе,
Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен,
Үчүнчүсү, заар чачты бетиме.
Жылаан таштап, заар төгүп, чачып от,
Эрк сеники, шылдың кылмак, ойномок,
Бирок, түшүн, акылың кем жаш сүйүү,
Ошентсе да сенден көңлүм калган жок!
Билем, анын туш тарабы терең жар,
Өзү зоока, куш жете албай болгон зар... Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн,
Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар.