Urmat Borchenov
@borchenov
Urmat Borchenov

Подписчики: 209359
Посты: 748
Подписки: 258
⚡️Ведущий: TV, свадьбы, праздники ⚡️Озвучиваю ролики, голос #отрк #обондору ⚡️Youtuber: UTV сенин каналың Мой вотсап👇
https://wa.me/996550418888
Загрузка...
#борченовборсулдайт ЗАМАНДАШЫМА Алыкул Осмонов Жашыл-ала жагоо тагып желбиреп, Жакшы өмүрдүн жарашыгы биз элек. Жаштык күндүн ар бир соккон сагаты, Жаш сүйүүдөй койнубузда эркелеп. Кызыл-ала жагоо тагып желбиреп, Кызык күндүн кызыктары биз элек, Кымбат күндүн ар бир соккон сагаты, Кыз баладай койнубузда эркелеп. Жашоо эркине жаратылып бир ирет, Карап көрсөң кандай эмгек кылдым деп: Кайран күндөр бекер кеткен экен деп, Ойлоп-ойлоп өкүнөрүн ким билет?.. Сонун күнгө жаратылып бир ирет, Санап көрсөң кандай эмгек кылдым деп. Сайран өмүр текке кеткен экен деп, Самап-самап сагынарын ким билет? Кеткен кемтик жакшы ыр менен жетилет, Андай болсо, көп кечикпей кууп жет. Доорубузга каухар чачып калалы, Алдыбызда канча күн бар ким билет? Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет, Андай болсо, көп кечикпей кууп жет, Заманага жыпар төгүп калалы, Дагы канча жашоо калды ким билет?..

Загрузка...
1679   71   15748
18.06.2020
БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН Картайган сайын адамзат Карылыгын жек көрөт, Кайран өмүр өттүң деп Санаркап күнүн өткөрөт. Эскирген сайын адамзат Эскилигин жек көрөт, Эссиз өмүр өттүң деп Өткөнүнө өкүнөт. Жашаган сайын адамзат Жаштык кезин сагынат, Аттиң ай минтип калбай деп Жаш күнүнө таарынат. Майышкан сайын адамзат Балалыгын сагынат, Баягыда минтпей деп Өзүнө өзү таарынат. Мен антпеймин, курдаштар, Жаштыгым өттү кезинде; Заманым тынбай жоо кырып, Ок жамынган мезгилде. Өттү зуулап балалык, Заманым баатыр кезимде, Алпкаракуш жар ташка Таш түлүк тууган мезгилде. Өмүрүм кетти жыргалда, Заманым жигит чагында, Шумкарлар жүрдү үстүмдө, Кабландар жүрдү алдымда. Ар жашаган күнүмдүн Бир миң күндүк салмагы, Ар бир өткөн жылымдын Бир кылымдай ардагы. Жан көрбөгөн укмуштун Артынан кетип баратам, Өлүмдүн бары чын болсо Өлүмдү барып таңгалтам. Жаш улгайып күн өтсө – Бекерге өттү дебеймин, Отуздан ашкан жашымды Беш жашарга бербеймин. 10/XII 1945 Койсары Алыкул Осмонов