Urmat Borchenov
@borchenov
Urmat Borchenov

Подписчики: 209359
Посты: 748
Подписки: 258
⚡️Ведущий: TV, свадьбы, праздники ⚡️Озвучиваю ролики, голос #отрк #обондору ⚡️Youtuber: UTV сенин каналың Мой вотсап👇
https://wa.me/996550418888
Загрузка...
ПЕНДЕЛЕР МАРШЫ Мезгилдин агымында калдалактап, Мен да, сен да, ал дагы карбаластап, Агып бара жатабыз кайда, кайдаа... Асыл, асыл күндөрдү чаңга таштап. Көр тирлик эй, көргө көр жетеленип, Көрө албастык, ач көздүк, текеберлик, Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик. Жалганынан чындыгын айрый алгыс, Оо не деген өмүрсүң, кайрый алгыс?! Ийинибиз тийишип турган менен Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз... Пенде экенбиз кантели өлүп-талып, Периштесин пейилдин көмүп салдык. Басып жүргөн боюнча өлүп калдык Байкабайбыз ошого көнүп калдык... Алганыбыз көп болду, беребизби? Келген жээкке кетирдик кемебизди. Күүгүм кирип келатат, мен жалгызмын Күн чыкканда биз чогуу келебизби... Ар адамды ар жерде арал кылып, Арабызда коюулайт караңгылык. Табыша албай калганча үн каталы Таап алалы адамды адам кылып. Элмирбек Иманалиев

Загрузка...
1679   71   15748
18.06.2020
БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН Картайган сайын адамзат Карылыгын жек көрөт, Кайран өмүр өттүң деп Санаркап күнүн өткөрөт. Эскирген сайын адамзат Эскилигин жек көрөт, Эссиз өмүр өттүң деп Өткөнүнө өкүнөт. Жашаган сайын адамзат Жаштык кезин сагынат, Аттиң ай минтип калбай деп Жаш күнүнө таарынат. Майышкан сайын адамзат Балалыгын сагынат, Баягыда минтпей деп Өзүнө өзү таарынат. Мен антпеймин, курдаштар, Жаштыгым өттү кезинде; Заманым тынбай жоо кырып, Ок жамынган мезгилде. Өттү зуулап балалык, Заманым баатыр кезимде, Алпкаракуш жар ташка Таш түлүк тууган мезгилде. Өмүрүм кетти жыргалда, Заманым жигит чагында, Шумкарлар жүрдү үстүмдө, Кабландар жүрдү алдымда. Ар жашаган күнүмдүн Бир миң күндүк салмагы, Ар бир өткөн жылымдын Бир кылымдай ардагы. Жан көрбөгөн укмуштун Артынан кетип баратам, Өлүмдүн бары чын болсо Өлүмдү барып таңгалтам. Жаш улгайып күн өтсө – Бекерге өттү дебеймин, Отуздан ашкан жашымды Беш жашарга бербеймин. 10/XII 1945 Койсары Алыкул Осмонов