Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer
Загрузка...
!!! Той-топурдун доору карыды! Акыл-эстин, илим, билимдин, эмгектин доору келе жатат... _____________________________________________________________ Бардыгы бир орунда тура бербейт! Совет учурунда илим-билимге, маданиятка, адамдардан журум-турумуна озгочо конул бурулаар эле. Союз кулаганы рекатчилик, бандитизм куч алып, ал мезгилди да артка таштадык. Бизнес, алып сатуучулук онугуп турган учурда дипломдор акчага сатылып, акчага берилип жатты. Аны да кордук! Албетте, калдыктары бар, ошол калган каткандардан кутулуунун учуру келди! Эл Акыл эстуу башкарууну каалап калды. Эл чарчады! Акыры илим, билим, эмгек доору гана тунгуюктан чыгарып , алдыга сурооруно акылы жетти! Туура тандоо - туура багыт!

Загрузка...
1864   95
28.06.2020
Чоң апамдын кара таш. Чоң апамдын 5-6 чакан кара ташы бар эле. Кимдир бирөөбүз тумоолоп калсак ошол кара таштарды казанга ысытып, суу чачып, буулап айыктырып салчу. Мен да ошол ыкманы көп колдонуп жүрдүм. ______________________________________________________________ Балдарыма дайыма айтчу элем. “Мурдуңар бир аз агып, же тамагыңан кычыша баштаганын, бутуңар муздап турганынын байкасанар дароо айткыла. Болбосо дары берем, же ийне сайдырам” деп коркутуп койчумун. Дароо чуркап келишээр эле. Мен да чоң апамдын ыкмасы менен алардын бутун, бети-башын ысыта буулап, ысык сүт берип, жылуу жаткырып кочумун. Ооруну учурунда баскандан бекен, айтоор биздин үйдө тумоо көпкө жашачу эмес. ______________________________________________________________ Жакынкы күнү да уулум тамагым кычышкансып турат дегенинен буулап, ысытып, ысык сүткө бал кошуп берип жаткырып койдум. Эртеси чуркап кетти. ______________________________________________________________Эми бул коронавирус “чоң апалардын ыкмасын” тоотпосо керек, а мүмкүн алдын алып койгон деле оңбу дейм... Менин ыкмам: кокус тамак кычыша баштаса мурун, ооз көңдөйлөрүн туз кошулган суу менен тазалап, бутту ванна тузу кошулган сууга буулап, ысыгыраак лимон чайдан ичип, тердеп, бир сутка үйдөн чыкпай байкоо жүргүзүңүз. Бир тердеп тургандан кийин шорпо пайдалуу. Бул албетте башталайын деп турган кадимки тумоого жардам берет... Элдик ыкмалардан болушобуз, достор!
1424   150
14.06.2020
Моюнубузда анысыз деле оор жүк!!! _____________________________________________________________ Биздин моюнубузга таш салып, балон илинбесе деле, дал ошондой, керек болсо андан да оор жүк артылган. Аял төрөйт, анын бактылуулугу менен кооптуулугу бир тең. Аялдын бир ажалы – төрөт деп коет. Андан ары ошол баланы аман-эсенге кошуп акылдуу кылып эрезеге жеткирүү дагы чоң жүк. Таап, ташып турган күйөөгө да жага билүү, аны кармап калуу да жүк эмей эмне... ______________________________________________________________Айта берсек жүк толтура. Эгер аны таңгактасак бир эмес, бир нече камаз жүк болмок... Ооба, чалпоо, тарбия көрбөгөн, же баш бербеген ээн баш, жүдөө, же сөз укпаган айымдар да жок эмес! Бирок алар кандай болбосун адам! Аларга кол которуп, кордук көрсөтүүгө эч кимдин акысы жок! Жакпайбы, жашаба! _____________________________________________________________ Моюнубузда ансыз деле оор, оор жүк!!!