Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1021   116
19.05.2020
19-май – пионерлер күнү! Класста биринчилерден болуп пионерлер катарына өттүм. Кыпкызыл жагоону тагынып мектепке баруу да чоң мактаныч, чоң жетишкендик эле. Жагоону күнүгө үтүктөп байланам. Айрым балдар байкуш жагоонун учтарын чайнап жеп жиберишээр эле😊🤭 Кийин класста биринчилерден болуп комсомол катарына өттүм. Канча күн устав жаттап, коркуп, толкунданып даярдандым эле. Болгону эки ай 2 копейка взнос төлөп, комсомол болдум. Жоюлуп кетти. Ошону менен баалуулук да жоголуп кеткендей таасирде жүрдүм... анткен менен бир чон тарыхтын каармандары болуптурбуз 😏😏😏 Кийин октябренекту - Сейтек, пионерди- Семетей, комсомолду – Манас кошууну деп да көрдүк, жыйынтык бербеди, уланып кеткен жок... Сурот: Ат-Башы. К.Мамбеталиев орто мектеби. 6-класс. Эми, мени табыныз 😊🙋‍♀️ _____________________________________________________________
Загрузка...
1839   101
30.03.2020
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! 🤔 - Кайра-кайра маалыматтык сайттарды карап, ар кандай кабарлар менен башыңызды оорутпаңыз! Көпчүлүк сайттар калп маалыматтар менен аудиториясын көбөйтүүнүн гана камында. Жалганга ишенип алып, кокус аны бөлүшүп, же пост жазып койсоңуз жоопкерчиликке тартылып калышыңыз мүмкүн. Штаб тарабынан берилген маалыматтар так. Аларды бир күндө эки жолу угуп, андан ары өз ишиңиз менен алек болгонуңуз оң. ______________________________________________________________ - Азыр айрым партиялар, же коомдук уюмдар, жеке адамдар жардам эсебин ачып, акча чогултууда. Мүмкүн алар Сиздин акчаны кайрымдуулукка жумшаар. Бирок, ал акчаныз алардын аты менен кетет, Сиз аларды жарнама кылууга гана жардам берген болосуз. Айрым партия, коомдор өз каражаттары менен жардам берүүдө. Убакыттан пайда тапкандар да жок эмес. Жардамды атайын штаб ачкан эсепке которсоңуз, даректүү жетет деп ойлойм. ______________________________________________________________ - Жардам берип жаткандарды сынга албаңыз. Ал акчаны кайдан тапты, кантип тапты, эмне үчүн берип жатканы маанилүү эмес. Маанилүүсү – акчаны алуу жана даректүү пайдалануу. Ал эми акчаларынын адал же арам экенине өздөрү Алланын алдында жооптуу. Мисалы, бүгүн @aiperikubikkyzy Айпери Кубик кызын “мактанба” деп жатышат. Ал колунан келген жардамын берип, башкаларды да шыктандырууда, колдоого алаарлык аракет... ж.б!!! 🙋‍♀️🙏🤲😘
2062   100
13.03.2020 Bishkek
ИМИДЖ! Имидж дегенде адамдын сырткы келбетин, анын кийимин, чач жасалгасын, жүзүн ж.б тышкы багытын гана элестетебиз... 🤫🤫🤫🤫🤫 Мен Сиздерге ЗАТТЫК имидж жөнүндө айтып бергим келди☺️ Бардык адамды анын “заты” аркылуу таанып билсе болот. Зат бул учурда – Сиздин жазган посттор, SMS-билдирүүлөр, почта каттарыңыз, колдонгон смайликтер, жүктөгөн сүрөттөрүңүз ж.б Сизге тиешелүү “заттар”. 🤔🤔🤔🤔🤔 Адамды тышынан олуттуу кабыл алышыбыз мүмкүн. Бирок анын социалдык барактарын ачып, ал жазган посттордогу каталарды, же маанисиз билдирүүлөрдү, түшүнүксүз смайлик же туура келбеген сүрөттөрдү көрүп көңүлүбүз калышы мүмкүн... 😒😏😒😏😒😏 Ошондуктан достор, пост жазган соң аны текшерип, смс-кат жөнөтсөңүз бир карап катасын оңдоп, сүрөтүңүздү жүктөөдө да байкоо салып коюңуз. _____________________________________________________________— Тышкы кычыраган келбетиңизге “затыңыз” туура келсин🙏🙋‍♀️! !МАКУЛСУЗБУ?