Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
625   5
24.05.2020
Улуу күнү "умайларга" ыракмат! Саламаттык сакчыларына канча лайк?))) 😊👏👍🙋‍♀️. Мен иштеген Ж. Баласагын атындагы КУУнун алдында студенттердин медициналык пункту бар. Ал студенттер үчүн бейтапканага карайт. Ошол мед.пунктта дарыгерибиз Замира Мамбетова эмгектенет. Коронавирус пандемиясы жарыялангандан бери жаны тынбай, окуу жайдын тазалыгын көзөмөлгө алып, студенттер менен окутуучуларга үзгүлтүксүз түшүндүрүү, ооруну алдын-алуу иш чараларын өткөрүп жүрдү. Окуулар онлайн багытына өткөн соң эс алып калбай, Кыргызстанга келген чет элдеги мекендештердин саламаттыгына кам көрүүдө. "Ак-Кеме" мейманканасында жайгашкан обсервацияда иштеп, Чынгыз Даминов башында турган дарыгерлер Гүлзада Оторова, Бүбүайым Мамутова, Назгүл Бакаева, Эркин Базарбаев, Шайыр Байтерекова, Иманбек кызы Кызжибек күнү-түнү кызматта. Ушундай оор шартта Гиппократтын антын жан дили менен аткарып жаткан Студенттик мед.бөлүмдүн дарыгерлерине ыраазычылык билдирем! Айтыңыздар маарек болсун!
1499   93
24.05.2020
Арападагы ашкана ойлору 🤔 Демейде, мейман келгенде жетпеген идиш-аяк, мейман кеткенде батпайт! Анан эле конуша келиндер бири-бирибизге чара-чака сурап жөнөчубуз😊😊😊 Кийим-кече, алтын-шуруга жеткен акча идиш-аякка артпай кала берет экен, тобаа...🤦‍♀️)))) Шаардын четинде тургандыктан кошуналар жалаң кыргыздар. Суротто кошуна эже, курбулар. Анан эле көп киши келээрде идиш издемей... Чараны кимге бердим, чаканы ким алды болуп. Кээде эт майдалагыч, самоордун кернейи, казан ж.б да “айылчылап” кетет. Ошентип кошуна келиндер эл катары “касса” ойнойлу деп чечтик😏😏😏Шарты: ай сайын жолугуп, баарлашып, эс алабыз. Ортого чогулган тыйынга чара, чака, ж.б керектүү ашкана тиричиликтерин алабыз дедик. Ким чакырса ошол үйгө бир “короо” идиш барат))) Азыр шугур, сурамай токтоду, идиш-аякка байбыз 👏👏👏. Бирок сурап шылтоо кылып, ушакташып эки саат чай ичмей, балан издеп келгенде кетмей адат азайып калды да😊🤦‍♀️. Келиндер, сиздерде бул маселе кандай?
336   30
22.05.2020
Достор, фитир садага берүү убактысы бүтүп баратат. Негизи эле фитир садага Орозо айы башталгандан тарта берилет эмеспи. Бирок Ислам аалымдары фитир садага Орозо айттан бир-эки күн мурдараак берилсе туура болоорун айтканы бар. Себеби, жардамга муктаж адамдар айт күндөрүн барчылыкта өткөрсүн деген ниет экен. Бул жөнүндө жазганымдын себеби, Орозо Айт жакындап калды. Пандемияга байланыштуу мечиттерге бара албасак, мындай фитир садаганы атайын эсептерге акча которуу менен ишке ашырсак болот экен деген маалыматты билдиргим келди. Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы 2020-жылга фитир садаганын өлчөмүн да билдирген эле. Бирок ар бир мусулман канча садага берээрин өзү билет эмеспи. Менин билгеним боюнча: Буудай – 35сом, мейиз – 384, ун - 60 сом, арпа – 54, финик – 512сом. Дагы кимде кандай маалымат бар?
1021   116
19.05.2020
19-май – пионерлер күнү! Класста биринчилерден болуп пионерлер катарына өттүм. Кыпкызыл жагоону тагынып мектепке баруу да чоң мактаныч, чоң жетишкендик эле. Жагоону күнүгө үтүктөп байланам. Айрым балдар байкуш жагоонун учтарын чайнап жеп жиберишээр эле😊🤭 Кийин класста биринчилерден болуп комсомол катарына өттүм. Канча күн устав жаттап, коркуп, толкунданып даярдандым эле. Болгону эки ай 2 копейка взнос төлөп, комсомол болдум. Жоюлуп кетти. Ошону менен баалуулук да жоголуп кеткендей таасирде жүрдүм... анткен менен бир чон тарыхтын каармандары болуптурбуз 😏😏😏 Кийин октябренекту - Сейтек, пионерди- Семетей, комсомолду – Манас кошууну деп да көрдүк, жыйынтык бербеди, уланып кеткен жок... Сурот: Ат-Башы. К.Мамбеталиев орто мектеби. 6-класс. Эми, мени табыныз 😊🙋‍♀️ _____________________________________________________________
Загрузка...