495 34
01.05.2020
Урматтуу бүгүнкү күндү дегдеп күтүп, жаңы алган тапичкени кийип, чачка түрдүү лентаны байлап, жаңы алган туфлини майлап, үйлөнгөн кызыл, жашыл шарларды жипке байлап, парад көргөнгө шашкандар, 50000$ алгансып 50 тыйынды колго бекем кысып, дюшес ичип, ласточка жеп, индийский киного качкандар, "жол көрсөткөн атаңар ким?" десе "Ленин ата!" деп сыймык менен жооп берген, СССРдин балдары бүгүнкү 1-май майрамыңар менен куттуктайм! Бүгүн ошол СССРде калган балалык, жаштыгыбызды эстеп бир толкунданып алалы! Ал күндөр кайра келбесе да биз үчүн өтө кымбат!Эмесе, дагы бир жолу майрамыңар менен СССРликтер!😁🖐💐🌹🌺 (Интернеттен алдым)