1499 93
24.05.2020
Арападагы ашкана ойлору 🤔
Демейде, мейман келгенде жетпеген идиш-аяк, мейман кеткенде батпайт!
Анан эле конуша келиндер бири-бирибизге чара-чака сурап жөнөчубуз😊😊😊 Кийим-кече, алтын-шуруга жеткен акча идиш-аякка артпай кала берет экен, тобаа...🤦♀️))))
Шаардын четинде тургандыктан кошуналар жалаң кыргыздар. Суротто кошуна эже, курбулар. Анан эле көп киши келээрде идиш издемей... Чараны кимге бердим, чаканы ким алды болуп. Кээде эт майдалагыч, самоордун кернейи, казан ж.б да “айылчылап” кетет.
Ошентип кошуна келиндер эл катары “касса” ойнойлу деп чечтик😏😏😏Шарты: ай сайын жолугуп, баарлашып, эс алабыз. Ортого чогулган тыйынга чара, чака, ж.б керектүү ашкана тиричиликтерин алабыз дедик. Ким чакырса ошол үйгө бир “короо” идиш барат)))
Азыр шугур, сурамай токтоду, идиш-аякка байбыз 👏👏👏. Бирок сурап шылтоо кылып, ушакташып эки саат чай ичмей, балан издеп келгенде кетмей адат азайып калды да😊🤦♀️. Келиндер, сиздерде бул маселе кандай?