Дайыр Исмадияров
@dayir_ismadiarov
Дайыр Исмадияров

Подписчики: 825817
Посты: 2797
Подписки: 124
Певец Отличник культуры КР 🇰🇬
https://www.youtube.com/user/dayirismadiarov
Загрузка...
Bishkek, Kyrgyzstan
Үч күн изоляцияда болуп, болгон анализдин баарын тапшырып таза чыктым кудайга шүгүр. Эми дагы 12 күн үй карантининде болушум шарт. Египетке ырас эле барыптырмын деп да ойлонуп койдум. Себеби мындай учурду ичинен көрүп сиздерге туура так маалымат берип турганыма жакшы шарт болду. Кийинки посттордо кененирээк айтып берем. Анда эмес бул пост обсервацияларда күнү-түнү иштеп жаткан инсандарга ыраазычылык болсун: Булар: 1.Медицина кызматкерлери 2.Милиция кызматкерлери 3.Обсервациядагы кызматкерлер Күч кубатты сиздерге берсин. Мындай учурда үй бүлөөңүздөрдү таштап 24 саат бою кызматта жүрөсүздөр. Мындай жерлерде иштөөнүн өзү чоң баатырдык,себеби ооруну жугузуп алуу коркунучу бар. Кыргызстанда ушундай мыкты-патриот-профессионал инсандар бар экенине ыраазымын. Эч качан оорубаңыздар,үй бүлөөлөлүк бакыт каалайм. 🙏🙏🙏 Ушул сүрөттөгү эжелер менин постумду окушат экен(башка жердеги обсервациялар деле окуса керек),келгиле достор баарыбыз аз да болсо жалпы #Коронавирустан бизди сактап жаткан баатырларга моралдык жактан колдоо көрсөтүп, дух берип жакшы сөздөрүбүздү жазалы. Эс алуу убактысында окуп жылмайып, чарчаганын унутуп жакшы позитивдүү энергия алып кайра жумушка кайтсын жылмайып 🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏 #coronavirus #Коронавирус

Загрузка...