Дайыр Исмадияров
@dayir_ismadiarov
Дайыр Исмадияров

Подписчики: 825817
Посты: 2797
Подписки: 124
Певец Отличник культуры КР 🇰🇬
https://www.youtube.com/user/dayirismadiarov
Загрузка...
Кадамжайский Район
Ар бир аймактын өзүнүн каада-салты,тойдун жүрүшү башкача болот. Бүгүн Кадамжай жергесине тойду ачып берүү үчүн атайы келгем. Тойго канчага барышым керек десем саат 18:00гө дешкен. Айтылган убакыттан эртереек келип,гриммеркада күтүп олтурсам,туптуура саат 18:00 эки жаш достору менен келип ресторанга кирип бийди алышты . Той башталдыбы деп таң калып карап турсам эки жаштын Гулянкасы дал ошол той боло турган жерде болот экен. Саат 21:00дөн өтүп эки жаш бийди токтотуп,баары чыгып кетишип,тойго келген коноктор киришти дагы,той мына мынтип сонун башталды . Бул менен мен эмнени айткым келди,ар бир жердин салттарын сыйлап,тойлорун мыкты өткөргөнгө аракет кылып кайттым. Эки жаш бактылуу болсун.2020 жылдын эң алгачкы тойун ушинтип баштап бердим. А сиздин аймакта тойдо кандай өзгөчөлүктөр бар?

Загрузка...