Д O Б Р | U®Pac™ birimdigi°
@dobr_official
Д O Б Р | U®Pac™ birimdigi°

Подписчики: 163495
Посты: 2042
Подписки: 568
Студия звукозаписи 🛑🎙️ Съёмки клипа, рекламы 🎬🎥 Шоу программа 🎤 Организация мероприятий 🔵 📲 +996555501999 Добр ⬇️ Нурхан Турганбеков "Антракт" 2020 |
https://youtu.be/Iv-B0pcLf80


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1212   16
05.03.2020 Кыргызстан
Калпак - Кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак - кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп тузүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң -салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжыра.  Майрамыныздар менен! #5март #АкКалпаккүнү
Загрузка...