591
5030
10.10.2019
Бүгүндөн тарта интернет булактарында! 🎬🎥💻📱 Аткаруучулар: @dobr_official @taibasmuz
Тема: "Хейтер
Yн студиясы: @urpac_rec
Клипмейкер: @alybaev_jyldyzbek @m.t.production
#U®Pac™birimdigi #Хейтер #Добр #Тайбас
-----------------------------------------------------------
"Хейтер" Текст: part. Добр |
Жаман көрсөң жаман көр, жараткан баарына күбө'
Төбөңдө турган чөптү көр, анан кийин мага сүйлө!
Сүйлөсөң дагы бетке айт, эркек эмессин четке кайт!
Бекинип алып сындабай, күйөбү анда чынын айт!
Ээн таалаада чөөлөр көп, бири-бирин көрө албаган'
Ириңдеген сөз сүйлөп, чирик оозун тыялбаган'
Этек-башын жыялбаган, беттери жок уялбаган!
Айырмаң жок аялдан, эркек болом деп кыялдан!
Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп,
Кылтың этип, жаман оюң менен жүрөсүң момоюп'
Кечир эгер катуу тийсе, кемчилик өзүңдөн изде'
Кек сактабай, көр казуудан мурун өмүрүңдү тиле
Акын өзүн мактабайт, а мен өзүмдү актабайм'
Өзүмдү-өзүм данктабайм, бирок намысты калкалайм!
Сынга сынып арданбай, ардактуу ишти аркалайм'
Бут тосуулар көп, бирок, кечирип кой таштабайм!!!