Эки жүздүүлүк биздин мамлекетте токтобойт окшойт. Бир жагынан Курманжан датканы даңазалайбыз, дүйнөлүк чемпиондорубуз Айсулуу Тыныбекова жана Валентина Шевченко кыздарыбыз менен сыймыктанабыз деген мырзалар турса, экинчи жагынан аялдарды жергиликтүү кеңештеги шайлоого өткөрбөйбүз, бийлик менен бөлүшпөйбүз деп кат жазгандан уялбаган мырзаларыбыз. Ушул Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айыл аймагында жашаган айымдарга кайрылат элем - оокаттын баарын мырзалардын моюндарына илип, мектептен да, социалдык мекемелерден, жана башка иштерден бир күнү баш тартып, ага-инилерибизди "забастовкалап" көрбөйсүзбү? Айылдык кеңештеги депутаттыкка талапкерлигин койгон Искаков Сатыбалды, Акунов Тынчыбек, Токтонбаев Таалайбек жана Базарбаев Сабырбек мырзаларга эскере турган сөздөр бар - бирөөнүн кыздарын кемсинтем деп, өйдө-ылдый турмушта, бумеранг болуп өз жакындарыңарга тийсечи, кантесиздер? Заман оомалуу-төкмөлүү болот эмеспи, башыман кыйынчылык өткөн айым катары жазганым.
2005-жылы маркум атамды атып кеткенде, мени кыз деп кемсинтпей, бала кезимен эле баштап - эч кимден коркпо, ачык сүйлөп, намыстуу бол деп атам теңчиликте тарбиялабаса, азыр кантээр элем, билбеймин.
Эл аралык ири форумдан, 60 өлкөнүн арасында, гендердик теңчилик тууралуу доклад менен чыгып, Кыргызстандын мырзаларына ыраазычылык билдирип, бизди колдогон президентибиз, Жогорку Кеңештеги депутаттар айылдык кеңешке 30 % квота мыйзамды өткөрүп бергенине сыймыктанган кезимде, мындай катты окуп алып, кызыктай сезимде отуруп калат экенсиң.
P.S. Урматтуу мырзалар! Биздин аялдарыбыз башкалардан эмнеси кем экен? Татыктуулардын санын чоңойтуп, колдойлу. Ансыз деле аялдарыбыз турмуштун жүгүн тең көтөрүп, ишкерчиликте да, мамлекеттик кызматта да аралашып, экономикабызга өз салымын кошуп, жакындарын багып келе жатышат. Айыл жергесинен элеттеги жашоону тааныган, жергиликтүү кеңештин тепкичтерин өткөн, тажрыйбалуу кыздарды өстүрөлүчү! Кыргызстанда бири-бирибизге көмөк көргөзүп, иштей тургандарды алдыга жылдарганды үйрөнө турган заман келди го? Кечке эле, эскиче, көралбастык, кошоматчылык, ичи тарлык саясатты гүлдөтпөй.
Катуу тийсе, кечирим сураймын, таарынбаңыздар. #Барболгула