Эльвира Сурабалдиева
@elvirasurab
Эльвира Сурабалдиева

Подписчики: 78488
Посты: 204
Подписки: 78
#Эл өкүлү, Жогорку Кенеш #Депутат Парламента Кыргызской Республики #MP Kyrgyzstan
https://t.me/elvirasur
Загрузка...
Жол транспорт кырсыктарынын курмандыктарын эскерүүнүн бүткүл дүйнɵлүк күнү - 17-ноябрь 2019. Жылдын темасы - “Өмүр – машиненин бɵлүгү эмес”. Кыргызстан – мурункудай эле, жол транспорт кырсыктарынын жыйынтыгында ɵмүр менен кош айтышуулардын саны абдан жогору ɵлкɵ бойдон калууда. Ар жыл сайын 1000 чукул адам ɵмүрү менен кош айтышат, бул күн сайын дээрлик 3 адам ɵмүрү кыйылат дегенди билдирет. Бир эле ушул жылдын ичинде ɵлкɵнүн жолдорунда 68 жаш балдар (2018-ж. 69) жана 529 чоң адамдар (2018-ж. 484) ɵмүрлɵрү менен кош айтышкан. Алдын ала божомолдоолорго ылайык, жол транспорт кырсыктарына каршы ырааттуу чаралар кɵрүлбɵсɵ, 2030-жылга карата жол кырсыктары маанилүүлүгү боюнча адам ɵлүмүнүн себептеринин жетинчи катарына чыгышы мүмкүн. Кыргызстан үчүн жол транспорт кырсыктары кɵйгɵйү ɵтɵ актуалдуу болуп саналат. Темир Жумакадыров атындагы «Pro Lex» КФ жана КРнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Бүткүл Дүйнɵлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун, БУУӨПтүн жана ЮНИСЕФтин колдоо кɵрсɵтүүсү астында, Жол транспорт кырсыктарынын курмандыктарын эскерүүнүн Бүткүл дүйнɵлүк күнүнɵ арналган бир катар иш-чараларды ɵткɵрɵт. Бул жылы Жол транспорт кырсыктарынын курмандыктарын эскерүүнүн Бүткүл дүйнɵлүк күнүнүн темасы «“Өмүр – машиненин запастык бɵлүгү эмес” деп аталат. 16- ноябрда Бишкекте Манас проспектисинен Ала-Тоо аянтына чейин БУУнун ыктыярчыларынын, активисттердин жана Жогорку Кеңештин депутатынын катышуусунда жɵɵ жүрүш болду, ошондой эле бул күнгɵ арналган «Эрежелерди сактоо аркылуу – ɵмүрдү сактайбыз» акциясы ɵткɵрүлдү. Акциянын максаты – жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин сактоого шыктандыруу жана жүрүм-турумдун позитивдүү ɵзгɵрүүсүн кɵрсɵтүү. Маалымдама: • 2019-жылдын 9 айынын ичинде, айдоочулардын ичимдик ичкен мас абалында айдоолорунун айынан 200 ашык жол кырсыгы катталган жана 31 адам ɵмүрү менен кош айтышкан. • 2019-жылдын 9 айынын ичинде, айдоо тажрыйбасы 1 жылга жетпеген айдоочулардын айынан 500гɵ чукул жол кырсыгы катталган, бул айдоочулук күбɵлүктү этап менен берүүнү киргизүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилейт. • 2019-жылдын 9 айынын ичинде, Бишкек-Ош авто жолунда 494 жол транспорт кырсыгы катталган.

Загрузка...
5103   561
07.08.2020
Эки жумадай калды, сураныч- чыдап туруңуздарчы. Кайсы партияга, ким менен, эмне себептен барганы жарыяланып, ачыкка чыгат. Съезддерде кандидаттардын тизмедеги катары билинип, партия ичинде бир сыйра ызы-чуу болот. Андан кийин, октябрда, добуш алып/албагандардын ортосундагы концерттер, болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар. Шайлоого барайынбы, 15 партиядан сунуш түштү деп фейсбуктан пост чыгарып, жоопкерчиликти бирөөгө оодаргандай адам эмесмин. Ооба, күзгү шайлоого катышамын. Беш жылда жакшы таанып, билип деле калгансыздар - өзгөрүлбөй, эл өкүлү катары ишимди улантып кете беремин. #барболгула Две недели осталось, потерпите пожалуйста. Выйдут в свет ФИО, явки, пароли. Потом нумерация списков на съездах, и очередные внутрипартийные стрессы. Затем, в октябре, привычные всем концерты с набранными/не набранными голосами в округах, со скандалами и различными видео потенциальных депутатов про “мамой клянусь”. Фейсбук пестрит вопросниками про идти ли на выборы и заявлениями о 15 предложений от различных партий - мне сложно понять эти попытки повесить ответственность за свои решения на кого-либо. Да, я буду участвовать в осенней предвыборной гонке. Те, кто знают меня по депутатской деятельности, можете не сомневаться, - не изменюсь. #берегитесебя
2321   86
30.07.2020
30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. 🖤 Пандемия, коронавирус, covid-19 деген сөздөрдү кичине балдардан бери жаттап билип калган кез. Бул илдеттен жарандарыбыздын кезексиз кеткени жүрөктү сыздатып, коштошпой калгандарыбыз арманда калдык.. Досум моргдон атасынын денесин алып жатып, акыркы сапарга узатканда жанында болбой, тааныштарыма телефон аркылуу эле көңүл айтып калаарымды эч бир элестете алчу эмесмин. Бирөө чалып калса, дагы ким деп чочуп, жаман ой кеткени эсимде.. Соцтармактарды ачканда, таанып-тааныбагандардын жакындарынан айрылып, ызаланган посттор... Каза болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Оор, унутулбас жоготуулар.. Урматтуу туугандар, бул илдет азыр деле жаныбызда экенин унутпайлы, - сак болуңуздар. #коронавирус #Covid19 #RIP 30-июля объявлен Днем национального траура по жертвам Covid-19. Очень больно, когда уходят раньше времени.. Никогда не думала что буду говорить соболезнования друзьям по телефону, и что на похоронах их родителей не буду стоять рядом. Ужасно вздрагивать от звонка телефона с мыслью “Кто еще?”.. Тяжело читать посты о безвременной кончине кого-либо у знакомых и незнакомых в соцсетях. Выражаю соболезнования соотечественникам, потерявшим родных и близких.. Это тяжелая, невосполнимая утрата и долгая боль.. Уважаемые друзья, пожалуйста, не забывайте что пандемия все еще рядом, - берегите себя. #пандемия #соболезнуюcovid19 #траур
4974   271
15.07.2020
Ковид-19 деген илдет менен алышып жаткан дарыгерлерибизге, жардамдашкан кызматкерлерге, волонтер болуп чуркаган жаштарга, кол сунган ишкерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиремин. Жакындарын, дос-курбуларын жоготуп, жүрөгү сыздап турган мекендештерге көңүл айтамын... Окуп жаткан туугандарга - сак болгула, #БарБолгула! ❤️💚 В это сложное для всего мира время, хочу выразить слова благодарности борющимся с пандемией врачам, помогающим сотрудникам, спасающим волонтерам и поддерживающему бизнесу. Примите мои глубочайшие соболезнования те, кто в этой войне с коронавирусом потерял родных и близких, друзей.. Желаю всем пережить это тяжелое время, пусть вселенная слышит как можно меньше слез от боли потерь.. Берегите себя, пожалуйста! 😘 P.S. Заказанные в конце июня 10 кислородных концентраторов, по прибытию в Бишкек, переданы Сокулукскому району.
7911   285
10.06.2020
15 жыл мурда, 10.06.2005 жылы, атабыздан айрылдык эле... Ата-энебизди көз тирүүсүндө барктап, достор, урматтайлы. Атакем бар кезде, аркамдагы аска зоомдун көлөкөсүндө жүргөндөй сезилчү эле. Эки дүйнөдө, баардыгы үчүн миң мерте ыраазычылык, Ата! Аталар, #барболгула, узак жашап, балдарыңардын албан албан ийгиликтерине, жакшылыктарына күбө болуп, жанында ар дайым жүргөнүңүзгө тилектешмин. 💚❤️ Берегите и цените родителей, пока они живы и рядом с вами. ❤️💚 Сегодня исполнилось 15 лет, как мы живем без нашего папы. Люблю и скучаю, Ата. 😘 На фото я с отцом, который приехал меня навестить во время учебы. Лондон, 2002 год. Аталык айбат Кээде мен ойноп коем ашкере чаап, Кайдыгер.. үй-жайымды унуткарам. Ошондо, атам төрдө.. сүрөтундө, Алдына айыптуудай туруп калам. Кээде мен үйгө келем маанайым пас, (Бардыгы суз көрүнөт мындайымда). Үн катпай, сын көз менен назар салып, Анда да атам менин маңдайымда. Атанын өзү турсун, аты да ыйык, - Муундан-муунга өтүп, урматталат. Сүрөтү, көзү өтсө да, бизди дайым, Аталык айбат менен карап турат...(с)
9690   261
23.05.2020
1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, мектеп бүтүрүүчүлөрүбүз үчүн акыркы коңгуроо күнү мектептен биринчи жолу белгиленбей калды. КВ Covid-19 илдети дүйнө жүзүн өзгөртүп, жашообузга чоң таасир этти. Быйыл 103000 балдарыбыз 9-классты, 59000 жаштар 11-классты аякташат. Билим берүү министрликтегилер аңкыркы коңгуроо күнүн 30-май 2020 теле, радио, ММК жана интернеттен бүтүрүүчүлөрдү куттуктайбыз дешти. Карантиндин кесепетинен, кээ бир ата-эне ашыкча чыгым же стресстен кутулдук деп жатаар, кыйын убакытка чалдыккандык, түшүнүктүү.. Бирок, өзгөчө маанайдын атмосферасы, мектеп имаратына кол шылтоо, мугалимдер, досторубуз менен коштошкон күндөр баардыгыздын эсибизде.. Урматтуу достор, быйылкы бүтүрүүчүлөрүбүздү колдоп, калоолорубузду айтып, акыркы коңгуроодон сүрөтүбүздү жүктөп койбойлубу? Урматтуу бүтүрүүчүлөр, ❤️ ар бирөөңүзгө узун өмүр, жакындарыңызга аманчылык, турмуштагы кыйынчылыктарды жеңүүгө күч кубат тилеймин. #БарБолгула #Бүтүрүүчү2020 Впервые, со времен обретения независимости, наши выпускники не будут праздновать последний звонок в школах. Пандемия КВ Covid-19 внесла свои коррективы в нашу жизнь, изменив многое в ней. В этом году 103000 школьников оканчивают 9-класс, и 59000 11-классников прощаются со школой навсегда. В министерстве образования мне сообщили что будут поздравлять выпускников по ТВ, радио, СМИ и интернету 30.05.2020. Карантин усложнил жизнь всем, и полагаю что освободил большинство родителей от дополнительных расходов и стрессов в столь сложное время... Однако в памяти каждого из нас, навсегда останется особая атмосфера последнего звонка, прощания со школой, учителями и одноклассниками. Уважаемые друзья, давайте поддержим наших выпускников своими пожеланиями, выставив фото с последнего звонка, если найдется? Уважаемые выпускники, ❤️ желаю долгой жизни вам, благополучия близким, и чтобы у вас было достаточно сил для преодоления всех жизненных невзгод! #ВсегоНаилучшего #Выпускник2020 P.S. Это я на последнем звонке в 11-м классе, 25-мая 1995 года. НКГ #5, Бишкек.