EmilBaltagulov
@emilbaltagulov_official
EmilBaltagulov

Подписчики: 13599
Посты: 436
Подписки: 3630
0778211241, 0559771141 Эмил Балтагулов.
Загрузка...
Өмүрлүк шеригим, балдарымдын апасы, ата энемдин келини, сүйүктүү жарым. Жылдар өтүп баш кошконубузга 15 жыл болуптур. Туулган күнүңдү кучак толо гүл менен, туугандар же жакындар менен, Сезим тобунун мүчөлөрү менен, коллектив менен, андан кийин бала чака менен бир күн кечке тосчу күндөр менсиз 19 жолу, мени менен 14 жолу өтүптүр. Кудайга чексиз шүгүр. Эми быйылкысы жакындарды сагынып, коменданттык сааттын коштоосунда, карантинге алынган зоналардын биринде, үйдөн чыкпай тосуп отурган абалга туш келип калганы бир жагы өкүнүчтүү, бирок ошонусуна да шүгүр дейбиз. Калкыбыз аман болсо куттукташкан күн да келет. Кыргызым эсен болсо кобурашкан күн да келет. Оорудан алыс болсок, оюн зооктуу күн да келет. Сабыр менен баарын жеңебиз буйруса. Куттуктайм апасы.

Загрузка...