Эрмек Нурбаев
@ermeknurbaev
Эрмек Нурбаев

Подписчики: 781620
Посты: 2003
Подписки: 91
Президент Тамашоу! 🇰🇬 Юрист! 🎓 Отличник Культуры КР! ✍️ Чемпион КВН! 🏆 Дипломант молодежной премии Ч.Айтматова 📚 @nurbaevs_life Мой YouTube! Жми!👇
https://m.youtube.com/c/NURBAEVSLIFE
Загрузка...
Red Square
2019-жыл, мен үчүн Москва шаары менен эске калат окшойт! Себеби, Февраль айынан бери, Москва шаарына 10-жолу келип, кетиптирмин. _______ 8-ай аралыгында, 6-оюн уюштурганга жетиштик. 6-сы буйруса, 13-октябрьда болот. Кээ бир досторум, "Москвич" эле болуп кеттиң деп калышты. 🙂 _______ Ушул убакыттын ичинде ар кандай ийгиликтүү Мекендештер менен тааныштым, сүйлөштүм, кубандым. Кээ бирөөлөрү менен сыймыктандым! 👍 _______ Ошол эле кезде, өзүбүздүн эле арабызда бири-бирин "кидать" эткендер, "Аферисттер" бар экендигине күбө болдум. Өкүнүчтүү! 😔 _______ Урматтуу убактылуу Москвичтер! Силер кандай окуяларды билесиңер? Эмнеге кээ бир Мекендештерибиз ошондой жолдорго барышат? Канткенде оңолобуз? _______ Биз ынтымактуу болсок, бири-бирибизди сатпасак, бөтөн Элдерге бизди жеңип алуу оңой болбойт! ✊ _______ Жараткан баарыбызга ыйман берсин! 🤲🏾 #КыргызЭлиУлууЭл #БирБололу Алга Кыргызстан! 🇰🇬

Загрузка...
1040   6
31.08.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен Урматтуу Мекендештер! 🎈 Баарыбыздын бир эле Мекенибиз бар. Ал - Кыргызстан! 🇰🇬 Ата-бабаларыбыз көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, Мамлекетибизди сактап, бизге өткөрүп берди. Эми биз дагы кийинки муунга өнүккөн, билимдүү, таза кылып Кыргызстаныбызды, татыктуу өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Биз көпбүз, Кыргызстаныбыз бирөө. Ошондуктан ар бирибиз, ар бир үй бүлөө колубуздан келишинче Мамлекетибизге салымыбызды кошолу. Ал эми өйдө жактагы "чоңдор", күзүндө Жогорку Кеңешке келе турган 120 "Красавчиктер", уурдаганды токтоткула жана уурдабагыла! Мамлекетибизди жоготуп албайлы. Таза иштеп бергиле, чыныгы тарыхта кала турган Эл Өкүлү болгула. Жараткан баарыбызга күбө! Акыретте баарыбыз жооп беребиз. Дагы бир ирет, Майрамыңыздар менен Мекендештер! 💐 Алга Кыргызстан! 🇰🇬