Эрмек Нурбаев
@ermeknurbaev
Эрмек Нурбаев

Подписчики: 781620
Посты: 2003
Подписки: 91
Президент Тамашоу! 🇰🇬 Юрист! 🎓 Отличник Культуры КР! ✍️ Чемпион КВН! 🏆 Дипломант молодежной премии Ч.Айтматова 📚 @nurbaevs_life Мой YouTube! Жми!👇
https://m.youtube.com/c/NURBAEVSLIFE


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3056   95
04.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Оо Жараткан.... Күтүп жүргөн жаз да келди.., март келди, Жалгыз келбей мартка кошо дарт келди. Пейил кетип, ыйман кетип турганда, Жараткандан «ойлон» деген шарт келди. . Оо Кудайым.., бар экениң билгиздиң, Көпкөн элек.., эсибизге киргиздиң. Тумшугубуз асман тиреп калды эле, Тумшуктарды жерге кайра тийгиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Баштарды да жайнамазга тийгиздиң. Өлбөчүдөй өпкөбүз көөп калды эле, Мурдубузга өлүм жытын тийгиздиң, Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Баарын тегиз акылына киргиздиң. Бай кедейге калган элек бөлүнүп, Баарыбызга окшош беткап кийгиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Көп адамды акылына киргиздиң. Көчүгүбүз жер жыттабай калды эле, Баарыбызды айдап үйгө киргиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Чоңдорду да акылына киргиздиң. Чиригендер эл башкарып калды эле, Чимкиригин чубап жерге тийгиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Байларды да акылына киргиздиң. Байлык менен баарын өлчөп калды элде, Бир заматта баарын тең кан сийгиздиң... . Маматкадыр Тиллебаев. 1-апрель,2020 ж.
Загрузка...