Эрмек Нурбаев
@ermeknurbaev
Эрмек Нурбаев

Подписчики: 781620
Посты: 2003
Подписки: 91
Президент Тамашоу! 🇰🇬 Юрист! 🎓 Отличник Культуры КР! ✍️ Чемпион КВН! 🏆 Дипломант молодежной премии Ч.Айтматова 📚 @nurbaevs_life Мой YouTube! Жми!👇
https://m.youtube.com/c/NURBAEVSLIFE


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3056   95
04.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Оо Жараткан.... Күтүп жүргөн жаз да келди.., март келди, Жалгыз келбей мартка кошо дарт келди. Пейил кетип, ыйман кетип турганда, Жараткандан «ойлон» деген шарт келди. . Оо Кудайым.., бар экениң билгиздиң, Көпкөн элек.., эсибизге киргиздиң. Тумшугубуз асман тиреп калды эле, Тумшуктарды жерге кайра тийгиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Баштарды да жайнамазга тийгиздиң. Өлбөчүдөй өпкөбүз көөп калды эле, Мурдубузга өлүм жытын тийгиздиң, Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Баарын тегиз акылына киргиздиң. Бай кедейге калган элек бөлүнүп, Баарыбызга окшош беткап кийгиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Көп адамды акылына киргиздиң. Көчүгүбүз жер жыттабай калды эле, Баарыбызды айдап үйгө киргиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Чоңдорду да акылына киргиздиң. Чиригендер эл башкарып калды эле, Чимкиригин чубап жерге тийгиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Байларды да акылына киргиздиң. Байлык менен баарын өлчөп калды элде, Бир заматта баарын тең кан сийгиздиң... . Маматкадыр Тиллебаев. 1-апрель,2020 ж.
Загрузка...
3641   118
30.01.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Эртең мындай окуя баарыбыздын башыбыздан өтүшү мүмкүн. Адилеттүүлүк орнош керек! Мирбекти колдойм. Бөөдө кырсыктан тышкары бололу! Жараткан баарыбызга күбө!🙏 . Таанымал ырчы Мирбек Атабеков анын апасы өз үйүндө каракталганы боюнча кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу милицияга нааразылыгын айтып чыкты. - Бизде чоң суроо бар, - деди ал. - Уурдалган буюмдар ал баланын машинесинен табылып жатса, ал баланын күнөөсү жок болсо, анда ким ал жакка салды, кылмышка ким жооп берет? Уурдалган буюмдар табылып жатса - демек кылмыш ачылган. Бул жерде биз билбеген көп нерселер бар. Мен өкмөткө, президентке кайрылам: сот системасын, милициядагы кайдыгер кызматкерлерди тазалаш керек. Жашоо коркунучтуу болуп калды. Атабековдун айтымында, кылмышка шектүү жаңы жыл алдында эркиндикке чыгып кеткен. Ырчы бийликке өзүнүн жеке иши үчүн эмес, мындай окуялар коомчулукта көп болуп жаткандыктан кайрылып жатканын айтууда. Мирбек Атабеков кылмышкерлер апасы менен карындашын курал менен коркутуп тоноп кетишкенин эске салып, алар жазасыз калбашы керек деп эсептейт.