2411
22520
10.02.2020
Bishkek, Kyrgyzstan
Эзелтен "бата-сөздүн атасы" деп бекеринен айтылган эмес.
Ар кандай чоң, кичи маанилүү иш бата менен башталып, бата менен аяктаган.
Бата күч да, дем да, кубат, кудурет да, ишеним, эрк да, баары.
Баткен облусунун, Кадамжай районуна караштуу, Абдыкадыр Орозбеков айылынан 86-жаштагы Саттарова Айымпаша апабыз кечээ Тамашоу оюнунан кийин келип, батасын берди. Абдан ыраазымын.
Апабызга чын ден-соолук каалайм. Жүзгө чыгыңыз.
Улуулардын батасын алуу, мен үчүн өтө маанилүү, кымбат.
Батанын да батасы, бул-Элдин батасы. Элдин батасын алган азамат Ата-Энеден артылып барып Эл Уулуна айланган жан. "Баталуу эр арыбас, батасыз эр жарыбас" деген макалдын, не, "Ата-Эненин эле уулу болбой, Элдин уулу бол" деген алкыштын да мааниси ушул.
Ал эми Ак Батанын тилеги бу:
Бир үйдүн баласы болбо,
Миң үйдүн санаасы бол.
Бир элдин Атасы болбо,
Миң элдин Даанасы бол.
Жашасын Ата-Апалар!
Жаратканыма шүгүр!
Альхамдулиллах! 🙏