2016-жылы поезд тебелеп кетип эки бутунан жабыркаган Канат инибиз учурда протез менен жүрөт.Жумуш жоктугунун айынан жашоо шартым начар,машиналуу болуп калсам,такси кызматында иштеп жан баксам болот эле деп бизге кайрылган,бүгүнкү күндө Канат бир тууганыбыз кыялындагы авто унаасына жетип кубанып турган кези.Бизге жардам берген жалпы бир туугандарга чоон рахмат.Аллах ыраазы болсун.