Фарида Карбосова
@farida.karbosova_official
Фарида Карбосова

Подписчики: 506112
Посты: 2486
Подписки: 348
Выступление-Той" "Жар Жар" обращаться по телефону: 0772295499 По вопросам сотрудничества пишите в Direct
Загрузка...
Оо жараткан.... Кутуп жургон жаз да келди..,март келди, Жалгыз келбей мартка кошо дарт келди. Пейил кетип,ыйман кетип турганда, Жараткандан «ойлон»деген шарт келди. Оо кудайым..,бар экениң билгиздиң, Көпкөн элек..,эсибизге киргиздиң. Тумшугубуз асман тиреп калды эле, Тумшуктарды жерге кайра тийгиздиң. Оо жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Баштарды да жайнамазга тийгиздиң. Өлбөчудөй өпкөбуз көөп калды эле, Мурдубузга өлум жытын тийгиздин, Оо жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Баарын тегиз акылына киргиздиң. Бай кедейге калган элек болунуп, Баарыбызга окшош беткап кийгиздиң. Оо жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Коп адамды акылына киргиздиң. Кочугубуз жер жыттабай калды эле, Баарыбызды айдап уйго киргиздиң. Оо жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Чоңдорду да акылына киргиздиң. Чиригендер эл башкарып калды эле, Чимкиригин чубап жерге тийгиздин Оо жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Байларды да акылына киргиздиң. Байлык менен баарын өлчөп калды элде, Бир заматта баарын тең кан сийгиздиң... Маматкадыр Тиллебаев. 1-апрель,2020 ж. Кудайым колдосун баарыбызды 🙏🏻🤲🏻

Загрузка...