Фарида Карбосова
@farida.karbosova_official
Фарида Карбосова

Подписчики: 506112
Посты: 2486
Подписки: 348
Выступление-Той" "Жар Жар" обращаться по телефону: 0772295499 По вопросам сотрудничества пишите в Direct
Загрузка...
Көз ачып жумганча куттуу Рамазан айыбызда биз каалабасак да коштошуп кетти. Рамазан айын кетип жатып артына кайрылат экен,мени эстеген ,мени унутпагандар да бар бекен деп. Жаратканым дагы бир мүмкүнчүлүк берип Шавваль айынын пазилетин жогору кылып койду. Болгону 6 -күн кармап койсок тоодой соопторго жетет экенбиз. Орозобуз кабыл болуп🙏🏻ойлогон ой максат тилек,дуаларыбыз кабыл болсун!🤲🏻 ✨Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: "Кимде-ким Рамазан айында орозо кармаса, андан кийин ага кошумча Шавваль айынын 6 күн орозосун кармаса, бир жыл орозо кармаган менен барабар болот". [Муслим, Сыям :204; Тирмизи, Сыям: 53]. 🌹Хадисте айтылгандай, Рамазан айынан кийинки Шавваль айында 6 күн орозо кармоо жакшы. Ошондой эле Рамазан айынан кийин 6 күн кошумча орозо кармаса толук бир жыл орозо кармаганга барабар болот. Уламалардын айтуусу боюнча, бир жылдык орозого барабар болушунун себеби : Ыйык Курани Каримде айтылгандай: "Ким бир жакшы амал кылса ага он эсе кылып (кайтарылат)" [Аньам: 160] ✨Рамазан айынын 30 күнүн онго көбөйткөндө 300 болот жана Шавваль айынын 6 күнүн онго көбөйткөндө 60 болот, жалпысынан 365 болот (калган 5 күн: Орозо айт жана Курман айт майрамдарынын 4 күнүндө орозо кармалбай турган күндөр болуп эсептелет ). Ошондуктан кимде-ким Шавваль айында 6 күн орозо кармаса, буюрса бир жыл орозо кармагандын сообуна ээ болот.

Загрузка...