Фарида Карбосова
@farida.karbosova_official
Фарида Карбосова

Подписчики: 506112
Посты: 2486
Подписки: 348
Выступление-Той" "Жар Жар" обращаться по телефону: 0772295499 По вопросам сотрудничества пишите в Direct

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1410   198   26582
23.03.2020
Жыл жанырып, коктом чыгып жаз келгенде жашыма жаш кошулат! 23-март менин тарыхымдагы озгочо кун. Ушул жашка келгенимче кандай гана кундорго кубо болбодум. Чанырып чалындым, жыгылдым, жыргадым, кайра чарчадым. Ошентсе да силкинип, кубуно калып жашоодогу арышымды уланттым. Мына ошол ысык-суук, ачуу-таттуу кундорумдо мени колдоп, мээрим тогуп, жараткандан жакшы журушумду жалбарып жан дуйномдо озгочо мээрими менен жашап жургон апам болду. Ата энем эки канатым болсо, бир канатым сынып кайыштым. Ошондо да ата ордуна ата, кайра апа ордуна апа болуп кубулуп, туйшугумду болушуп, жыргалыма кошо кубандыныз. Жараткан бул жашоого жаралганыма сизди себепкер кылып койгонуна мин мертебе шугур кылам апоу. Ушул даражага жетишиме сиздин салымыныз чон. Тороп туйшук тартып чонойтуп коомго аралаштырып койгон мээнетинизге таазим. Ар туулган кунумдо мени кабырганыз кайышып торогонунузду эстейм. Рахмат сизге АПА!💐💋❤️ Ар дайым тизем бугуп таазим кылам!🙏🏻 Апаларыбыз аман болсун....🙏🏻🌺
Загрузка...
2469   156
01.04.2020
ЖАНЫМ АПААМ!ЫЙЫГЫМ МЕНИН...💐💋❤️Апамды аяйм. Кундор откон сайын чачын бубак басып, бетине тарам- тарам издер тушуудо. Кээде журогумдогу, жашоомдогу болуп жаткан уйгу -туйгу нерселерди, бугумду, баарын апама айтып берип женилдегим келет. Анткени апам гана мени тушунот. Кайра туруп мендеги негативдерди апама оодарып жук кылып койгум келбей аяйм. Дайыма жакшы нерселерди гана айткым келет. Копко сырдашам. Кээде апамды тиктеп алып ойлорго да чомулом. Апам да апасын сагынып сырдашкысы келет чыгар, кыз болуп апасына коп нерсени айтып берип суйлошкусу келет чыгар деп да кетем. Тилегеним мен сиздей курака жеткенде сиз бар болунуз.🙏🏻🤲🏻Мээримдуу унунуз копко жанырып, асыл акылыныз менен тен болушуп жолубузду туздоп жаныбызда ата ордуна ата, апа ордуна апа болуп коп жашаныз.🤲🏻Туулган кунунуз менен АПА! 🎂💋Орноктуу омур жолунуз дайыма бизге улгу. Тизе бугуп таазим кылам сизге.🙏🏻🙏🏻🙏🏻
770   146
08.12.2019
Урматтуу достор, бүгүн ушундай жаным карайган күндө жашап жатам. Эч кимди баракчам аркылуу жамандаган жок элем. Бүгүн жарылууга аргасызмын. Өзүмдүн Таластык сиңдим, апчелеп жүргөн актриса Назира Бердигулова чыдамымдын чегинен чыгарды. Мени акылга сыйбаган ушактарга кошуп, айтпасам да айттырып,жакшы адамдарыма жаман көрсөттүүдө. Улуу апчеси катары тартипке чакырайын деп байланышсам оозуна ак ит кирип, кара ит чыгууда. "Эй апче, менин үч балам бар. Мен бала эмгизген бийик аялмын"-деп кекээрлеп боюн көтөрөт. Баланы ит да тууйт, бала Аллахга аманат. Бала менен эч ким башкаларды кемсинтпеш керек. Кудай мага ушундай пешене жазыптыр, баланы кол менен жасап аламбы? Бала деген Кудай берчү иш. Кудайдан үмүтүм бар, мен дагы балалуу болом, буюрса!! Былтыр бекен, журналист Баяна Кулованы да ушундай сөздөрдү айтып кемсинтип урушуп, сүрүштүрүп кырылышып жүрүшкөн. Маани бербепмин, көрсө чын тура. Аягында айтаарым Назира, балдарыңа сөз тийгизбейм, алар периште. Бирок сендей болуп, аягы суюк деген ушакка оронуп, үч эмес бир бала төрөгөндөн Кудай сактасын. Балдарың чоңойсо ошол ушактар уу болуп сага айтылат шашпа али. Сендей болуп, эрден эрге тийип бала төрөө эрдик эмес!! Башка аялдарды кемсинтпей, эми бөлөктөрдүн бүлөсүн бузбай тынч жаша!! Эгер тынч жашабай, адатың, калп чын аралашкан сөзүң уланса мага таарынба. Тарыхыңды азыркы эриңе чубап беришим мүмкүн. Күйөөң билбейт дейсиңби, былыктарды, өткөн кеткен көңүл ачууларды. Ушул ыплас сени менен жашап жүргөн ошол жигитке рахмат!! Эсиңди жыйна сиңдим, энеңди тааный элегиңде!!