1067 30
29.03.2020
БАР БОЛГУЛА МЕДИКТЕР
Ар бир башта актык бар да, күнөө бар,
Кыйындыкка кайрат кылып чыдоо бар.
Жер үстүндө өлүм менен кармашкан,
Ооруп калсак эске түшкөн бирөө бар.
Билесиңби, ээй замандаш, ал кимдер?
Балким бирөө аналгиндей дары дээр.
Алар деген жашоо шамын жандырган,
Ак халатчан алтын колдуу ДАРЫГЕР.
Бүт дүйнөнү оору каптап турганда.
Эч коркпостон ага колун сунган да,
Ал МЕДИКТЕР - халатындай аппапак,
Эл-журтуна аппак эмгек кылган да.
Жугуп калуу коркунучун билемин,
Жүлүн сыздап,солк дей тушөт жүрөгүм,
Алар дагы ата, апа, аял, жар,
Алар дагы баласы деп бирөөнүн.
Ошондуктан сала бербе азапка,
Билсең МЕДИК , мылтыгы жок казатта.
Биздин салым:Үйдө болуу болгону,
Ошол гана бул ооруну басат да.
Жакшы сөздү аябастан айткыла ,
Оору оозун ооздуктап тарткыла.
Атуулдук зор эмгегиңер акталып,
Үйүңөргө ЖЕҢИШ менен кайткыла.
Апрель ай жемиштүү бир ай болсун,
Алтын колдуу ДАРЫГЕРЛЕР БАР БОЛСУН .
Бүгүн күндүн ЧОЛПОНБАЙЫ-МЕДИКТЕР,
Өзүңөргө бир ЖАРАТКАН жар болсун!!! Автор:Майрам Сарыбаева 🖊
2020-жыл, 27-март саат 22:30
Аймира @aimira_4771 досум сага куч кубат!
Куну туну дебей,уйку корбой,жаман илдетке чалдыккан жарандарыбызды тейлоо устундосун.
Алла ыраазы болсун сага🙏🏻
Кудайым колдоп🙏🏻кыздарын менен бар бол!
Биз достор сени менен сыймыктанабыз.✊🏻😘💋