Фарида Карбосова
@farida.karbosova_official
Фарида Карбосова

Подписчики: 506112
Посты: 2486
Подписки: 348
Выступление-Той" "Жар Жар" обращаться по телефону: 0772295499 По вопросам сотрудничества пишите в Direct

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
2469   156
01.04.2020
ЖАНЫМ АПААМ!ЫЙЫГЫМ МЕНИН...💐💋❤️Апамды аяйм. Кундор откон сайын чачын бубак басып, бетине тарам- тарам издер тушуудо. Кээде журогумдогу, жашоомдогу болуп жаткан уйгу -туйгу нерселерди, бугумду, баарын апама айтып берип женилдегим келет. Анткени апам гана мени тушунот. Кайра туруп мендеги негативдерди апама оодарып жук кылып койгум келбей аяйм. Дайыма жакшы нерселерди гана айткым келет. Копко сырдашам. Кээде апамды тиктеп алып ойлорго да чомулом. Апам да апасын сагынып сырдашкысы келет чыгар, кыз болуп апасына коп нерсени айтып берип суйлошкусу келет чыгар деп да кетем. Тилегеним мен сиздей курака жеткенде сиз бар болунуз.🙏🏻🤲🏻Мээримдуу унунуз копко жанырып, асыл акылыныз менен тен болушуп жолубузду туздоп жаныбызда ата ордуна ата, апа ордуна апа болуп коп жашаныз.🤲🏻Туулган кунунуз менен АПА! 🎂💋Орноктуу омур жолунуз дайыма бизге улгу. Тизе бугуп таазим кылам сизге.🙏🏻🙏🏻🙏🏻
2465   53
28.03.2020
КЕЧИР БИЗДИ ЖАЙ ТУРМУШ Эртең менен балдар кетип сабакка, Кайра түштө келип калган шаң турмуш. Бир заматта көздөн учуп көрүнбөй, Кайда кеттиң кагылайын жай турмуш. Сыйга сый деп, сыр аякка бал дебей, Жабыркатып таарынттыкпы шай турмуш? Санаа менен сагынычка калтырып, Кайдасың сен баасы кымбат жай турмуш? Эси жок эл, жарашпады дедиңби? Эсебинен кесири көп бай турмуш. Эшикке чыкпай, эсте мени дедиңби? Эркиндиктин кымбаттыгын жай турмуш. Байлык, бийлик, дөөлөт, ырыс көтөрбөй, Бар турса да жок дедикпи бар турмуш? Дардаңдабай даражамды билгин деп, Зарыктырып жашындыңбы жай турмуш? Адамдыктан жамандыкты көп жасап, Жүрөгүңдү ооруттукпу шар турмуш? Мен, сен, ал, биз, Аалам, Дүйнө, Жараткан, Биригели! Бизди КЕЧИР жай турмуш. Кечээки эле жаркыраган үмүттөр, Бүгүн калды бүдөмүктөп тар турмуш. Жалынайын,жалдырайын өзүңө, Жайга жетпей кайтып келчи ЖАЙ ТУРМУШ. Автор :Майрам Сарыбаева 2020-жыл 27-март түнкү саат 3:00