2465   53
                                              
            
            
            	
            
            
            
            
            
            28.03.2020
			
            
            
			КЕЧИР  БИЗДИ  ЖАЙ  ТУРМУШ 
Эртең  менен  балдар  кетип  сабакка, 
Кайра  түштө  келип  калган  шаң  турмуш. 
Бир  заматта  көздөн  учуп  көрүнбөй, 
Кайда  кеттиң  кагылайын  жай  турмуш. 
Сыйга  сый  деп, сыр  аякка  бал  дебей, 
Жабыркатып таарынттыкпы  шай  турмуш?
Санаа  менен  сагынычка калтырып, 
Кайдасың  сен  баасы  кымбат жай турмуш?
Эси  жок  эл, жарашпады дедиңби?
Эсебинен  кесири  көп бай  турмуш. 
Эшикке  чыкпай, эсте  мени  дедиңби?
Эркиндиктин  кымбаттыгын жай  турмуш. 
Байлык, бийлик, дөөлөт, ырыс көтөрбөй, 
Бар  турса  да  жок  дедикпи  бар  турмуш? Дардаңдабай  даражамды  билгин  деп, 
Зарыктырып  жашындыңбы  жай  турмуш? 
Адамдыктан  жамандыкты  көп  жасап, 
Жүрөгүңдү  ооруттукпу шар  турмуш?
Мен, сен, ал, биз, Аалам, Дүйнө, Жараткан,
Биригели! Бизди КЕЧИР жай  турмуш. 
Кечээки  эле  жаркыраган үмүттөр, 
Бүгүн калды  бүдөмүктөп  тар  турмуш. 
Жалынайын,жалдырайын өзүңө, 
Жайга  жетпей кайтып  келчи  ЖАЙ  ТУРМУШ. 
Автор :Майрам  Сарыбаева 
2020-жыл 27-март 
түнкү саат 3:00